Кыргыз-казак чек арасындагы өткөрүү пункттарында министрликтер нөөмөт уюштурду

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Ак-Жол" чек ара пунктту. Архив
Ак-Жол чек ара пунктту. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүнкү күндө нөөмөткө маалымат алуу үчүн 337 жаран ЕАЭБ алкагындагы мамлекеттерде жумушка орношуу, өлкөлөрдө жүрүү мөөнөтү, документтердин жарактуулугу, "кара тизмеден" чыгуу сыяктуу маселелер боюнча кайрылган.

БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Кыргыз-казак чек арасындагы бажы көзөмөлүнүн алынышы менен Кыргызстандан Казакстанды көздөй баруучу унаа каражаттары жана товарлардын көлөмү көбөйгөнүн Экономика министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, учурда "Акжол-автодорожный", "Чалдыбар-автодорожный" жана "Актилек-автодорожный" өткөрүү пункттарында унаа тыгындары жаралууда. Мындан тышкары, бажы тосмолорунун алынышынан улам жарандардын талон толтуруусу убакытты алууда.

Кыргыз-казак чек арасындагы Ак-Жол көзөмөл-өткөрүү пунктунда чогулган эл. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Ак-Жол" текшерип-өткөрүү пунктундагы абал турукташты
Учурда Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги тарабынан кыргыз-казак чек арасынын бардык участкаларында, "Манас" эл аралык аэропортунда, Ош шаарынын аэропортунда, Бишкектин темир жол бекетинде, ошондой эле "Ак-Жол", "Чалдыбар" жана "Кен-Булуң" өткөрүү пункттарында күнү-түнү нөөмөт уюштурулган. 

Бүгүнкү күндө нөөмөткө маалымат алуу үчүн 337 жаран ЕАЭБ алкагындагы мамлекеттерде жумушка орношуу, өлкөлөрдө жүрүү мөөнөтү, документтердин жарактуулугу, "кара тизмеден" чыгуу сыяктуу маселелер боюнча кайрылган.

Кыргызстандын ЕАЭБге кошулушу менен 12-августтан баштап кыргыз-казак чек арасындагы бажы тосмолору ачылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0