Парламенттик шайлоодо тартипти 17 миң адам камсыз кылат

Жазылуу
2015-жылдын 1-6-октябрь күндөрү республиканын ички иштер органдарынын жеке курамы жогорку деңгээлдеги аскердик даярдыкта болот.

БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Алдыда болуучу парламенттик шайлоодо тартипти 8800 милиционер жана сегиз миң ыктыярдуу тартип коргоочулар камсыз кылары жөнүндө ИИМдин маалымат кызматы билдирет.

Бюллетень кагаздарын салыштыруу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Шайлоо бюллетендеринин формасы жана коргоо деңгээли бекитилди
Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо быйыл 4-октябрда өтөт.

Ведомствонун маалыматы боюнча, 2288 шайлоо участогунун ар бирине жооптуу кызматкерлер бекитилип, сакчылардын тобу коюлат.

ИИМ бөлүмдөрү шайлоо бюллетендерин даярдоо учурунда жана андан кийин шайлоо участокторунда сактыгын камсыз кылат. Андан тышкары, күч кызматкерлери убактылуу камак жайларында отурган жарандар добуш берүүгө катышуусун камсыз кылышат. 

2015-жылдын 1-6-октябрь күндөрү республиканын ички иштер органдарынын жеке курамы жогорку деңгээлдеги аскердик даярдыкта болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0