Сариев Нарындагы Борбордук Азия университети аймактын өнүгүшүнө түрткү болот деген пикирде

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевНарын шаарында Ага Хан фонду куруп жаткан Борбор Азия университети
Нарын шаарында Ага Хан фонду куруп жаткан Борбор Азия университети - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Премьер-министр окуу жайдын имаратынын курулушу бүтсө, аймактын өнүгүшүнө түрткү болорун айтты.

БИШКЕК, 16-авг — Sputnik. Премьер-министр Темир Сариев Нарын шаарында Ага Хан фонду куруп жаткан Борбордук Азия университетинде болду. Өкмөт башчы бул окуу жайдын Нарын шаары үчүн эле эмес, жалпы өлкө үчүн мааниси жогору деп белгиледи.

"Нарын облусу үчүн эл аралык стандарттарга жооп берген окуу жайдын курулуп жатышынын мааниси абдан чоң. Имараты курулуп бүтсө, аймактын өнүгүшүнө түрткү болот. Университет бүткөн соң Кыргызстандын бардык аймактары менен катар Борбор Азиянын башка өлкөлөрүнөн студенттер келип билим алышат" — деди Темир Сариев.

Шырдак фестивалынын катышуучулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Нарындагы Борбор Азия университети кийинки жылдан баштап студенттерди кабыл алат
Премьер-министр аталган түйүн аймакта бир катар социалдык долбоорлорду ишке ашырып жатканын белгилеп, алардын айыл тургундарын кичи жана орто бизнеске үйрөткөн долбоорду колдоого аларлык деп белгиледи.

2008-жылы башталган Нарын шаарындагы Борбордук Азия университетинин курулушу аяктоо алдында турат. Окуу жайы 2016-жылдан тарта студенттерди кабыл ала баштайт. Ага Хан эл аралык түйүнүнүн академиялык шаарчасында 1 200дөн ашык студент жашамакчы. Алардын айтымында, окуу жай эл аралык деңгээлдеги билим берет.

Жаңылыктар түрмөгү
0