Россиянын жараны Кыргызстанга велочоппер менен келүүнү пландап жатат

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын Эл Аралык университети. Архив
Кыргызстандын Эл Аралык университети. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Репиндин айтымында, ал биринчи Новосибирскиден Казакстанга келет. Андан кийин документтерин тууралап алып, Кыргызстан, Өзбекстан жана Түркмөнстанды кыдырат.

БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Россиялык Павел Репин Борбор Азия мамлекеттерин велочоппер менен кыдырып чыгууну пландап жатканын Россиянын коомдук телеканалы билдирди.

Өкмөт мүчөлөрү Дайыр Асанов атындагы парктан Эски аянтка чейин веложүрүш жасады
Павел Репин велочопперин электротранспортко айланткан. Системдик администратор болуп иштеген Репин веломарш менен Россиянын бардык аймагын кыдырып чыккан. ЖМКлардын маалыматы боюнча саякатчы жаңы транспорттун бат жүрүшү үчүн аны жасап чыккан.

2013-жылы Москвага чейин электровелочоппер менен келген. Колго жасалган машинасын ал жолдо тамактанган жерлеринен заряддап турган.Колго жасалган электровелочоппер болгону cаатына үч киловатт электр энергиясын керектейт жана бир саатта 100 чакырымга чейин жүрө алат.

Репиндин айтымында, ал биринчи Новосибирскиден Казакстанга келет. Андан кийин документтерин тууралап алып, Кыргызстан, Өзбекстан жана Түркмөнстанды кыдырат.

Велочоппер – мотоциклге окшогон велосипед. Рамалары узун, отургучу ыңгайлуу болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0