21:17 23 Теке 2021
Түз эфир
  • USD84.2620
  • EUR99.2101
  • RUB1.1423
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Улуу Жеңишке 70 жыл (117)
432 0 0

Улуттук гвардиянын параддан өтө турган тобун коменданттык бригаданын командири Данияр Исаков жетектейт. Ал Москвадагы параддан да жоокерлерди алып өткөн.

БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Улуттук Гвардиянын жоокерлери Кытайдын борбору Пекин шаарында өтө турган парадга даярданып жатышат. Бул туурасында Sputnik маалымат агенттигине Улуттук Гвардиянын өкүлү Таалай Мырзабаев билдирди. 

Аскердик парад Улуу Жеңиштин жана 1945-жылдагы Япониянын капитуляциясынын 70 жылдыгына арналат. Салтанат 3-сентябрда Кытайдын борбордук Таньаньмэнь аянтында өтөт. 

Парадга президент Алмазбек Атамбаев Кытайга болгон иш сапарынын алкагында катышат.

Мырзабаевдин айтымында, бүгүн саат 15:00дө Улуттук гвардиянын жетекчиси Мелис Сатыбалдиев парадга катышуу үчүн бара турган гавардиячылардын даярдыгын көрөт. Алдын ала маалыматтар боюнча, салтанаттуу парадга дагы 26 мамлекеттин өкүлдөрү келет. 

"Парадга кийүүчү форма Москвада 9-майда өткөн салтанаттагыдай болот. Курал менен карабинди кытайлык тарап берет жана барып-келиш чыгымын төлөйт", — деп кошумчалады Мырзабаев.

Улуттук гвардиянын параддан өтө турган тобун коменданттык бригаданын командири Данияр Исаков жетектейт. Ал Москвадагы парадда да жоокерлерди алып өткөн. 

Улуттук гвардиядан жалпы жонунан 83 адам барат. Аларды 75и Пекиндеги аянттан салтанатттуу басып өтөт, калганы резервде турушат. Делегация курамында бир фельдшер жана бригада командиринин орун басары бар. 

Гвардия жоокерлери дүйшөмбү күнү эртең менен учуп кетишет.

Тема:
Улуу Жеңишке 70 жыл (117)

Тема боюнча

Ички аскер бөлүгү Улуттук гвардиянын карамагына өткөрүлмөкчү
Белгилер:
аскердик парад, Жеңиштин 70 жылдыгы, Улуттук Гвардия, Алмазбек Атамбаев

ЭҢ МААНИЛҮҮ