Чек арачылар өз күчтөрү менен Баткендеги окуу классын оңдоп беришти

© пресс-служба ГПС КРЧек арачылар өз күчтөрү менен Баткендеги окуу классын оңдоп беришти
Чек арачылар өз күчтөрү менен Баткендеги окуу классын оңдоп беришти - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чек арачылар биринчи кезекте класстын жасалгасына көңүл бурушкан. Класстын дубалдарына Кыргызстандын чек арасын коргогон каарман чек арачылардын сүрөттөрү илинген.

БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Чек арачылар Баткен облусунун Кадамжай шаарындагы Абсамат Масалиев атындагы №17 мектептин классын толук оңдоп беришти. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, чек арачылар класстын жасалгасына өзгөчө көңүл бурушкан. Дубалдарга Кыргызстандын чек арасын коргогон каарман чек арачылардын сүрөттөрү илинип, алардын эрдиктери жазылган. Ошондой эле чек арачылардын күнүмдүк турмушу жөнүндө да маалыматтар илинген.

"Жаңы класс мекенчилдик маанайда жасалгаланган. Балдар менен жолукканда алардын көздөрүнөн аскер кызматына болгон кызыгууну көрөбүз. Биздин чакан жардамыбыз мекенди сүйгөн жаштардын тарбияланышына аз да болсо салым кошот деп ишенебиз", — дейт "Кадамжай" текшерип-өткөрүү пунктунун жетекчисинин орун басары Владислав Голощапов.

Ал мектеп директору Николай Супиевге класстын ачкычын тапшырды. Мамлекеттик чек ара кызматы өлкөдөгү бир катар мектептерди камкордукка алып, аларга жардам берип келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0