Темир Сариев Жогорку Нарын ГЭС каскадынын курулушу менен жеринен таанышат

Жазылуу
Өкмөт башчысы Бишкек – Нарын – Торугарт автожолунун оңдоо иштерин жана Нарын шаарында курулуп жаткан Борбор Азия университетинин курулушун да көрөт.

БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Премьер-министр Темир Сариев Нарын облусуна иш сапары менен кетти. Ал иш сапардын жүрүшүндө Жогорку Нарын ГЭС каскадынын курулушу менен жеринде таанышат деп билдирди өкмөттүн маалымат кызматы.

Ошондой эле, Бишкек – Нарын – Торугарт автожолунун оңдоо иштери жана Нарын шаарында курулуп жаткан Борбор Азия университетинин курулушу менен таанышат.

Муну менен катар Нарын шаарындагы ички жолдордун абалы жана курулуп жаткан социалдык объекттерди көрөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0