Боомдогу автотыгында 76 жашар кемпирге медициналык жардам көрсөтүлдү

Жазылуу
12-августта Боом капчыгайы аркылуу өткөн Бишкек – Балыкчы жолунун 131-чакырымында тоодон эшилип кум, шагыл түшүп, жолду тосуп калган.

БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Шаршемби күнү, 12-августта Боом капчыгайына эшилип түшкөн тоо тектерге байланыштуу жол жыбылып, автотыгын пайда болгон. Жолдо калган 76 жаштагы Айымкан Аукееванын кан басымы жогорулап кеткен. Куткаруучулар ага биринчи медициналык жардам көрсөтүп, Кыз-Күйөө айылындагы медициналык пунктка жеткиришкен. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Боом капчыгайында бара жаткан автоунаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Боом капчыгайы толук тазаланды
12-августта Боом капчыгайы аркылуу өткөн Бишкек – Балыкчы жолунун 131-чакырымында тоодон кум, шагыл эшилип түшүп, жолду тосуп калган. Анын узундугу 30 метрди түзүп, бийиктиги 20-25 метрге жеткен. Анын кесепетинен жолдун эки тарабы тең тосулуп, автотыгын пайда болгон. 5 чакырымга созулган автотыгын түн ортосунан тарта суюлган.

Учурда Боом капчыгайы толугу менен тазаланып, кыймыл эки тарапка тең ачык.

Жаңылыктар түрмөгү
0