Боом капчыгайы: жолду ар бир саат сайын жаап, тазалоо иштери жүрүүдө

© Sputnik / Жоомарт УраимовБоом капчыгайындагы автоунаалар. Архив
Боом капчыгайындагы автоунаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда окуя болгон жерде жыйырмага жакын техника жана жүздөн ашык киши иштеп жатат.

БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Боом капчыгайына тоодон эшилип түшкөн кум, шагылды тазалоо иштери улантылууда. Түнкү саат 12:00дөн тарта унаа жолду ар бир саат сайын жаап, тазалоо иштерин толугу менен жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Боронов: Транспорт министрлиги Боом капчыгайындагы иштерди эскертпей туруп баштаган
12-августта Боом капчыгайы аркылуу өткөн Бишкек – Балыкчы жолунун 131-чакырымында тоодон кум, шагыл эшилип түшүп, жолду тосуп калган. Анын узундугу 30 метрди түзүп, бийиктиги 20-25 метрге жеткен. Анын кесепетинен жолдун эки тарабы тең тосулуп, автотыгын пайда болгон. 5 чакырымга созулган автотыгын түн ортосунан тарта суюлган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча жолго түшкөн кум, шагылдын көлөмү 12 миң кубометрди түзөт. Учурда анын 4 миң кубометри алынып, тазалоо иштери улантылууда. Окуя болгон жерде жыйырмага жакын техника жана жүздөн ашык киши иштер жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0