11:04 23 Аяк оона 2021
Түз эфир
  • USD84.8000
  • EUR99.5001
  • RUB1.1635
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Боом капчыгайына түшкөн кум, шагыл жолду тосуп калды (14)
83 0 0

Учурда жолду түшкөн таштардан, шагылдан тазалоо иштери жүрүп жатат.

БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Жол кайгуул кызматынын инспекторлору Боом капчыгайында автоунааларды 5-10дон өткөрө баштады. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Азыр Транспорт жана байланыш министрлигинин күчү менен түшкөн таштардан, шагылдан жолду тазалоо иштери жүрүп жатат.

Жүргүнчүлөр Боом капчыгайым аркылуу өткөн Бишкек – Балыкчы унаа жолунун 131-чакырымында тоодон кум, шагыл эшилип түшүп, жолду тосуп калгандыктан, автотыгын пайда болгонун билдиришкен. Анын кесепетинен, каттам буулуп калган. Алдын ала алынган маалыматтарда, түшкөн кум менен шагылдын көлөмү 2000 чарчы чакырым. 

Окуя болгон жерде Чүй жана Ысык-Көл облусунун куткаруучуларынын эки бригадасы иштеп, автотыгында калган жүргүнчүлөр менен айдоочуларга биринчи медициналык жардамды көрсөтүүгө даяр турушат. 

Ал аймакта учурда Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов жүрөт.

Тема:
Боом капчыгайына түшкөн кум, шагыл жолду тосуп калды (14)

Тема боюнча

Боронов: Транспорт министрлиги Боом капчыгайындагы иштерди эскертпей туруп баштаган
Чаң, кыйкырык — Боом капчыгайындагы тоодон кулаган кум-шагыл жолду тосуп калды
Министрлик: Боом капчыгайында эшилип түшкөн кум, шагыл кечке дейре тазаланат
Белгилер:
Боом, Кубатбек Боронов, кум, шагыл

ЭҢ МААНИЛҮҮ