Маматалиев: Боом кечки сегизге чейин ачылат

© Sputnik / Табылды КадырбековВице-премьер-министр Абдрахман Маматалиев. Архив
Вице-премьер-министр Абдрахман Маматалиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Вице-премьер-министр зарыл болсо кошумча техника жиберилерин кошумчалады.

БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Вице-премьер-министр Абдрахман Маматалиев Боом капчыгайындагы кум, шагыл тосуп калган жол кечки саат сегизге чейин ачыларын билдирди.

"Учурда жолдуу тазалоо иштери жүрүп жатат. Бир аздан кийин айланып өтө турган жолду ачабыз",— деди Маматалиев.

Чаң, кыйкырык — Боом капчыгайындагы тоодон кулаган кум-шагыл жолду тосуп калды
Ал учурда Бишкек — Нарын — Торугарт жол башчылыгынын жетекчилиги, жумушчулары жана бир нече техника иштеп жаткандыгын, зарыл болсо, кошумча техника жиберилерин айтты.

Боом капчыгайы аркылуу өткөн Бишкек — Балыкчы унаа жолунун 131-чакырымында тоодон кум, шагыл кулап, жолду тосуп калгандыктан автотыгын пайда болгонун жүргүнчүлөр өздөрү билдиришкен.

Боом капчыгайындагы кум, шагылдын кулашына байланыштуу түзүлгөн кырдаалды чечүү үчүн премьер-министр Темир Сариев шашылыш жыйын өткөрүп, кооптуулукту азайтуу боюнча тиешелүү тараптарга тапшырма берди.

Жаңылыктар түрмөгү
0