Президенттин аппаратынын мурдагы жетекчиси Нарымбаев камакта калтырылды

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезиденттин аппаратынын мурдагы жетекчиси Данияр Нарымбаев. Архив
Президенттин аппаратынын мурдагы жетекчиси Данияр Нарымбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Данияр Нарымбаев экс-депутат Түлеевдин жакындарынан анын камакка алынган мүлкү боюнча ишти оң жагына чечип берүүгө жардам берем деп пара алган деп шектелип, эки айга камакка алынган.

БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Президенттин аппаратынын мурдагы жетекчиси Данияр Нарымбаев камакта калтырылды. Бул тууралуу Жогорку соттун маалымат кызматы билдирди.

Нарымбаев экс-депутат Нариман Түлеевдин жакындарынан анын камакка алынган мүлкү боюнча ишти оң жагына чечип берүүгө жардам берем деп пара алган деп шектелип, эки айга камакка алынган

Нарымбаевдин баш коргоо чарасын караган Бишкек шаардык соту биринчи инстациянын чечимин күчүндө калтырды. Ошентип ал 2015-жылдын 15-сентябрына чейин абакта кармалат.

Жаңылыктар түрмөгү
0