Ошто Меккеге бара тургандар сасык тумоо жана менингитке каршы эмдөө алышты

© Фото / фото предоставлено Ошским областным казыятомОш облусунун аймагынан ажыга бара турган 1017 жаран эмдөөдөн өткөрүлдү.
Ош облусунун аймагынан ажыга бара турган 1017 жаран эмдөөдөн өткөрүлдү. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Быйылкы ажылык сапарга Ош облусунан 1017 жаран барууга жолдомо алышкан. Ажыларды баштап алып баруу үчүн 21 ажы башчысына лицензия берилди.

БИШКЕК, 11-авг — Sputnik. Ош облусунун аймагынан ажыга бара турган 1017 жаран эмдөөдөн өтүп, медициналык даярдыгы соңуна чыкты. Бул туурасында Ош облустук казыятынан билдиришти. 

Ажыга бара турган жарандар негизинен сасык тумоо жана менингит ооруларына каршы эмдөө алышты.

"Учурда облустун жети районунун борборлорунда ажыларды окутуп, даярдоо иштери жүрүп, Меккедеги ажылык парзды аткаруудагы бардык ибаадаттын шарттары үйрөтүлүүдө. Быйылкы ажылык сапарга Ош облусунан 1017 жаран барууга жолдомо алышкан. Ажыларды баштап алып баруу үчүн 21 ажы башчысына лицензиялар берилди", — деп билдирди казыяттан.

Ар бир ажы башчысы зыярат учурунда 50 адамга жоопкер болот. 

Медина шаарына Ош облусунан ажыга сапар алгандар 2015-жылдын 25-августунан тартып график менен жөнөтүлө баштайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0