Сариева: балдар мектепке кандай форма киерин ата-энелер чечет

Жазылуу
Билим берүү министри Сариева өкмөт аптанын аягына чейин стандарттуу мектеп формасын бекитерин жана окуучуларга анын төрт түрү сунушталаарын билдирди.

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Балдар мектепке кандай форма киерин ата-энелер чечет деп айтты Sputnik агенттигине билим берүү жана илим министри Элвира Сариева.

Ал өткөн жылы министрлик тарабынан мектепке кие турган стандарттуу форма киргизилгендигин, ал кичинекей класстар үчүн кочкул кызыл, ал эми чоң класстар үчүн боз пиджак түрүндө болорун айтты. 

"Өкмөт аптанын аягына чейин стандарттуу мектеп формасын бекитет жана окуучуларга төрт — кара, кочкул кызыл, боз жана көк түстөгү пиджактар сунуш кылынат", — деп билдирди Сариева.

Ал өкмөттүн токтому чыккандан кийин мектеп директорлору ата-энелерди чогултуп бекитилген мектеп формасынын бирин тандаш керектигин айтты. Чогулушта форма тандалгандан кийин, мектеп директору өзүнүн буйругу менен аны бекитет.

Жаңылыктар түрмөгү
0