Эски паспортторун 60 жашка чыккан КР жарандары бекер алмаштыра алышат

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргыз Республикасынын паспорту. Архив
Кыргыз Республикасынын паспорту. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда 60ка чыккан жарандардын паспортун бекер алмаштыруу боюнча кампания башталды.

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Кыргызстандын 60 жашка чыккан  жарандары эски паспортторун жүрүп жаткан кампаниянын алкагында бекер алмаштыра алышат деп билдирди Мамлекеттик каттоо кызматы.

Кары аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Шайлоого катышам десең жаңы паспорт ал
Кыргызстандын жарандарын 2004-жылкы үлгүдөгү паспорт (ID-card) менен камсыздоо боюнча иш-аракеттер улантылууда. Ага ылайык, 1994-жылкы үлгүдөгү паспортторду алмаштыруу процедурасы жеңилдетилди.

"Кыргызстандын президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" мыйзамга кирген толуктоолорго ылайык, жарандар пенсиялык күбөлүгү, айдоочулук күбөлүгү жана аскер билети аркылуу добуш бере албайт. Күздө боло турган парламенттик шайлоодо жарандар бир гана ID-карта менен добуш бере алат. Ал эми чет жакта жүргөн жаран жалпы жарандык паспорту (чет жакка чыгууда берилчү паспорт) менен добуш берет.

Жаңылыктар түрмөгү
0