Карызы барларга эми сары кагаздар келет

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Бишкек жылуулук тармагы" ишканасынын автоунаасы. Архив
Бишкек жылуулук тармагы ишканасынын автоунаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сууну колдонгондугу үчүн үч айдан ашык акча төлөбөй, карызы топтолуп кеткендерге эми сары кагаздар келе баштайт.

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. "Бишкек жылуулук тармагы" ишканасы абоненттерге үч айдан ашык карызы жөнүндө сары түстөгү баракчалар менен эсине салат. Бул туурасында ишкананын маалымат кызматы билдирди.

Калькулятор жана тыйындар. Архив - Sputnik Кыргызстан
МСК: карызкорлор карызын тууму жок төлөөгө мүмкүнчүлүк алды
"Бишкек жылуулук тармагынан" жакынкы арада Бишкектин жашоочуларына жылуулук жана ысык суу үчүн карыздары болсо, эскерткич иретинде сары түстөгү кагаздарды жөнөтө баштарын айтышты.

Түстүү кагаздар үч айдан ашык карызын төлөй элек шаардыктардын квартираларына келет.

Ишканадан мындай ыкма бир жылдан бери колдонулуп келе жатканын, түстүү кагаздар унутчаак абоненттерге карызын эске салууга жакшы жардамчы болорун кошумчашты.

Жаңылыктар түрмөгү
0