БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев Полтавкадагы чатакта үчүнчү күчтөрдүн катыштыгын тыкыр текшерип чыгууга Ички иштер министрлигинин жетекчисине тапшырма берип, ал эми Улуттук коопсуздук комитетине бул ишти көзөмөлгө алуу зарылдыгын айтты.
Вице-премьер коомдук-саясий абалды олку-солку кылууга кызыккан тараптардын бар-жогун текшерип чыгууну күүч түзүмдөрүнө тапшырды.
Ал элди бөлүп-жарып, туруктуулукка доо кетирип, коомдук тартипти бузганга жана коомдук-саясий кырдаалды курчутканга аракет кылгандарга чечкиндүү бөгөт коюлат деди.
"Бул боюнча күнөөлүү деп табылган адамдар мыйзамдын бардык талаптарына ылайык жазага тартылат. Өлкө жетекчиси мындай чатакты болтурбоо жана алдын алуу үчүн көзөмөлдөп, байкоого алып турат", — деди Маматалиев.
Премьер-министр Темир Сариев 10-августта Полтавка айылындагы окуя боюнча тыкыр иликтөө жүргүзүп, окуяга катышкандарды жана ага жол бергендерди жоопко тартууну тапшырган.
Чүй облусунун Полтавка айылында 10дон ашык үйдү жаш балдар түн ичинде таш кесекке алып, үйлөрдүн айнектери менен автоунааларды талкалап кетишкен. Жабырлангандардын өкүлү 74 жаштагы алайлык аксакал Кайыпкул Жунусов ташка алынган үйлөр Ош жана Жалал-Абад облусунан көчүп келгендерге таандык экендигин билдирген.