Канадалыктардын рейтингинде кыргыздар кытайлар менен өзбектерден таланттуу болуп чыкты

Жазылуу
Элдердин талантын аныктаган рейтингге ылайык, Кыргызстан коңшулаш Кытайдан (87-орун), Тажикстандан (90-орун) жана Өзбекстандан (111-орун) озуп чыкты.

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Канадалык The Global Creativity Index 2015 изилдөөлөрүнүн рейтинги боюнча кыргыздар 74-орунду ээледи.

Кыргызстан — туристтер үчүн коопсуз өлкөлөрдүн катарына кирди
Аталган рейтингге элдин талантынан тышкары, толеранттуулугу жана технологияны колдонуу деңгээли да эске алынган. Бул багытта Кыргызстан 139 мамлекеттин ичинен 111-орунга татыган. Рейтинг 2010-2014-жылдардагы маалыматтардын негизинде даярдалган.

Элдердин талантын аныктаган рейтингге ылайык, Кыргызстан коңшулары Кытайдан (87-орун), Тажикстандан (90-орун) жана Өзбекстандан (111-орун) озуп чыкты. Ал эми Казакстан 54-орунду ээлеген.

Жалпы рейтинг боюнча биринчи ондукка Австралия, Исландия, АКШ, Финляндия, Сингапур, Дания, Словения, Жаңы Зеландия жана Швеция кирген. Россия аталган рейтингде 38-орунда турат.

"Чыгармачыл жөндөм боюнча глобалдык индекс" рейтинги Бириккен Улуттар Уюмунун, Дүйнөлүк банктын жана башка эл аралык уюмдардын докладдарынын негизинде түзүлгөн. Анда ар бир мамлекеттеги толеранттуулук, технология жана элдин таланты эске алынат. Рейтингди Martin Prosperity институту (Торонто, Канада) түзөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0