Ош шаарында дагы бир бала бакчанын курулушу башталды

© пресс-служба мэрии города ОшОш шаарынын Пятилетка айылында 120 орундуу бала бакча курулуш иштери
Ош шаарынын Пятилетка айылында 120 орундуу бала бакча курулуш иштери - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бала бакча эки кабаттан турат, жалпы аянты 1225 чарчы метр. Каржылоо республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлүп, аны 2016-жылы бүтүрүү пландаштырылган.

БИШКЕК, 11-июль — Sputnik. Ош шаарынын Пятилетка айылында 120 орундуу бала бакча курула башталды деп шаар мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Бала бакча. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ош: менчиктештирилген 46 бакчаны мамлекеттке кайтарып алуу аракети башталды
Иш-чарага Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, Пятилетка айылынын тургундары, шаардагы мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.

Бала бакча эки кабаттан турат, жалпы аянты 1225 чарчы метр. Каржылоо республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлүп, 2016-жылга бүткөрүү пландаштырылган.

Калаа башчысынын айтымында, союз мезгилинде да бала бакчаларды куруу көңүл сыртында калып кеткен. 

"Биз капсула коюп жаткан бул балдар бакчасынын жалпы сметалык баасы 43 миллион 738 миң сом болсо, тендердик баасы болгону 24 миллион 501 миң сомду түздү. Колдо бар каражатты сарамжалдуу пайдаланууга багытталган иш-чараларыбыз улантылып жатат. Үнөмдөлгөн каражат шаардын эң зарыл болгон башка муктаждыктарына жумшалууда", — деди Кадырбаев.

Ал мындан сырткары, быйылкы жылы Ош шаары боюнча беш балдар бакчасы салынып жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0