Кара-Сууда Исламды өнүктүрүү комплексинин жерпайы түптөлдү

© фото предоставлено Ошским областным казыятомОблус казысы Ниязалы Арипов. Архив
Облус казысы Ниязалы Арипов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2016-жылы пайдаланууга бериле турган Ислам өнүктүрүү комплексинде заманбап стилдеги намазкана, конференц-зал, мейманкана, китепкана жана казыяттын кеңселери жайгашат.

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Кара-Суу районунун Шарк айыл өкмөтүндө жайгашкан "Имам Термизий" мечитинин жер тилкесине наркы 600 миң долларлык Ислам өнүктүрүү комплексинин курулушу башталды. Бул туурасында Ош облустук казыяттын маалымат кызматы билдирди.

Иш-чарага өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сооронбай Жээнбеков катышып, курулушка капсула коюлду. Ага Кыргызстан муфтийи Максат Токтомушев, Ош казысы Ниязалы Арипов, имамдар жана жергиликтүү тургундар катышты. 

Жээнбеков аталган комплекс келечекте облус мусулмандарына динди терең жайылтууда жана жаштарга туура диний билимди берүүдө чоң өбөлгө болорун айтты.

Облус казысы Арипов комплекс мусулмандардын диний-руханий муктаждыктарын канааттандырууда, диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатты коомчулукка жайылтууда жана дин кызматкерлеринин билим деңгээлин жогорулатууда заманбап шарт түзөөрүн белгиледи. 

2016-жылдын февралында бүтө турган курулушка каражат ар түрдүү булактардан түшмөкчү. 

"Курулуштун баасы 600 миң доллар турат. Анын 40 миң долларын Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы, бир тобун жергиликтүү демөөрчүлөр, ал эми каражаттын басымдуу бөлүгүн арабиялык жана түркиялык фонддор каржылайт", — деп билдиришти облустук казыяттын маалымат кызматынан.

Ислам өнүктүрүү комплекси Ош облусунун мусулмандар казыятынын демилгеси менен курулууда. Имарат үч кабаттан туруп, анда заманбап стилдеги намазкана, конференция зал, мейманкана, китепкана жана казыяттын кеңселери жайгашат.

Жаңылыктар түрмөгү
0