Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын каржылык абалы жакшыртылат

© Sputnik / Табылды КадырбековПрезидент Алмазбек Атамбаев. Архив
Президент Алмазбек Атамбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкө башкысы "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын камсыздандыруу төгүмдөрү, айыптык санкциялар жана туумдар боюнча карыздарын эсептен чыгаруу жөнүндө" мыйзамга кол койду.

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кажылык-экономикалык абалын жакшыртууга багытталган мыйзамга кол коюлду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирет.

Атамбаев ӨКМ кызматкерлерине жаңы үйдүн ачкычтарын тапшырды
Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2015-жылдын 30-июнунда кабыл алынган.

Мыйзам жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын каржылык-экономикалык абалын жакшыртууга, турукташтырууга жана колдоого, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын өнүктүрүүгө багытталган.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Жаңылыктар түрмөгү
0