Казы Арипов: хижап кийүүдө жергиликтүү элдин үрп-адатын эске албай коюу туура эмес

© фото предоставлено Ошским областным казыятомНоокат районунун борбордук мечитинде 100гө жакын мечит имамдары жана аялдардын катышуусунда жыйын болду. Архив
Ноокат районунун борбордук мечитинде 100гө жакын мечит имамдары жана аялдардын катышуусунда жыйын болду. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Райондук жыйында хижап маселеси көтөрүлүп, кийинүүдө жергиликтүү элдин үрп-адатын эске алуу зарылдыгы айтылды.

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Ноокат районунун борбордук мечитинде 100гө жакын мечит имамдары менен аялдардын катышуусунда жыйын болуп, анда дин кызматкерлеринин резолюциясы кабыл алынды. Бул туурасында Ош облусунун мусулмандар казыятынын маалымат кызматы билдирди.

Жыйында Ниязали ажы Арипов хижап маселесине токтолуп, кийинүүдө бир түскө басым жасап, жергиликтүү элдин үрп-адатын эске албай коюу туура эмес экенин белгиледи. 

"КРдин диний саясатты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик концепциясын ишке ашыруу багыттары, Ханафий мазхабын Матурудий агымын жайылтууда илим, билимге, маданиятка басым жасоо керек экендигин түшүндүрдү", — деп айтылат казыят тараткан маалыматта. 

Жыйындын жүрүшүндө теология илимдеринин доктору Зайнабидин Ажимаматов айткандай, азыр коомчулуктун Итикат, Мазхаб, Акыйда маселелери боюнча түшүнүктөрү жетишсиз. 

"Ошондуктан диний муктаждыктагы боштукту толтуруу үчүн окутуу иштерин жандандыруу зарыл", — деди ал.

Жолугушуунун соңунда үч пункттан турган резолюция окулуп, имамдардын мамлекет менен коомчулуктун алдында жоопкерчилигин арттыруу, Ханафий мазхабын жана Матуридий акыйдасын окутууну күчөтүү, кийим маселесинде жергиликтүү үрп-адатка маани берилип, туура түшүндүрүү иштерин жүргүзүү каралган чечим кабыл алынды.

Жаңылыктар түрмөгү
0