Мамлекеттик жаза аткаруу кызматы кесиптик майрамын белгилейт

© Sputnik / Табылды КадырбековАбак жайда иштеген кызматкер. Архив
Абак жайда иштеген кызматкер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Салтанат өкмөт башчысынын, эл аралык уюмдардын, аталган системанын ардагерлеринин катышуусу менен өтөт.

БИШКЕК, 10-июль — Sputnik. Мамлекеттик жаза аткаруу кызматы 11-августта кесиптик майрамын белгилейт деп аталган ведомствонун маалымат кызматы билдирет.

Көзөмөлдөө жайы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Абак жайлардын комплекси Ысык-Көлдө же Чүйдө курулушу мүмкүн
Салтанат өкмөт башчысынын, эл аралык уюмдардын, аталган системанын ардагерлеринин катышуусу менен Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз драма театрында өтөт. 

Театрдын фойесинде абактарда жаза мөөнөтүн өтөп жаткандардын колунан чыккан буюмдардын көргөзмөсү болот. Андан сырткары, кылмыш жаза аткаруу системасынын тарыхын чагылдырган ачык музей уюштурулат.

12-август — Кылмыш жаза аткаруу системасынын кызматкеринин кесиптик майрамы.

Жаңылыктар түрмөгү
0