Кыргызстанды башка улуттар кантип аташат?

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстанды башка улуттар кантип аташат?
Кыргызстанды башка улуттар кантип аташат? - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кхейрхейстан, Кеаржеситан, Кайрайгайсатан – биздин мамлекеттин аталышын чет элдиктер кантип айта турганын Sputnik агенттиги билип көрдү.

БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Кыргызстан деген сөздү кээ бир чет элдиктер Кираджизастан, Кеаржеситан, Кайрайгайсатан деп айтышат. Андан сырткары, Кёргистэн, Киргизистан жана Киргизстан деп атагандар да кездешет. Ошол эле учурда, бизге өөн учураган айтылыштар да бар. Мисалы, армян тилинде Кыргызстан Кхыркхыстани деп айтылат. Ал эми африканын кээ бир элдери Кхейрхейстан деп айтышат.

Ирландиялыктар – Чирзистейн, корейлер – Килюгизистян, кхмерлер – КхиХсайСаСтан, португалиялыктар Киргизтоу деп айтышат экен. Шри-Ланканын эли Кыргызстанды Кайрайгайсатан дешет.

Бишкектеги Манас айкели. Архив - Sputnik Кыргызстан
Стамбул шаарына "Манастын" эстелигин коюу үчүн жер бөлүндү
Кытайча Кыргызстан деген сөз Кеаржеситан деп айтылса, лаостуктар  Зхан, Бирмалыктар Каргякхстан жана грузиндер Киргизетчи деп айтышат.

Эл эми эл аралык маданият тили эсептелген эсперанто тилинде Кыргызстан Киркуизистан деп айтылат.

Андан сырткары, кыргызстандыктар да башка мамлекеттердин аталыштарын анын түп нускасынан таптакыр башкача айтышат. Мисалы, кыргыз тилинин ченемдерине ылайык, биз Кытай десек, кытайлыктар өздөрү Жонгуо деп айтышат. Немистер мекенин Дойчлэнд, даниялыктар Дэнмарк, таиланддыктар Пратетай дешет. Ал эми биз айтып көнүп калган Корея корей тилинде Деамингуг деп аталат. Ал эми Япония япон тилинде Нихон деген аталашта экенин билчү белеңиз?

Жаңылыктар түрмөгү
0