Ала-Тоо аянтындагы мрамор комплексин мэрия тазалай баштады

© Sputnik / Табылды КадырбековАла-Тоо аянтындагы мрамор комплексин мэрия тазалап баштады
Ала-Тоо аянтындагы мрамор комплексин мэрия тазалап баштады - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Борбордук аянттагы мрамор имараттар 1984-жылы курулгандан бери бир да жолу тазаланган эмес.

БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматовдун демилгеси менен Эгемендүүлүк күнүнө карата Ала-Тоо аянтындагы мрамордук комплекс тазаланууда. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Борбордук аянттагы мрамор имараттар 1984-жылы курулгандан бери бир да жолу тазаланган эмес.

Ала-Тоо комплексине "Илбирс" жана Агроөндүрүш имараттары кирет. Учурда тазалоонун биринчи баскычы жүрүүдө. Экинчисинде Тарых музейи менен филармониянын тышы тазаланат.

Ошондой эле Манастын айкели да жууп-тазаланды.

Тазалоо иштери 27-июлда башталган жана август айынын аягына чейин уланат.

Жаңылыктар түрмөгү
0