07:46 17 Аяк оона 2019
Түз эфир
  • USD69.8099
  • EUR77.2028
  • RUB1.0937
Алмазбек Атамбаев. Архив

Атамбаев жол кырсыгынан жабыр тарткан МКК кызматкерлерине материалдык жардам көрсөттү

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Коом
Кыскача шилтеме алуу
3210

Жабыркагандарга президенттин фондунан 570 миң сом өлчөмүндө каражат бөлүндү. Мында абалы оор деп табылган үч кызматкер 50 миң сомдон, калганы 30 миң сомдон алат.

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев жол кырсыгынан жабыркаган Мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлдөрүнө өз фондунан материалдык жардам берүү боюнча буйрукка кол койгонун өлкө башчынын маалымат кызматы билдирет.

Үстүбүздөгү жылдын 4-августунда шайлоого керектүү жабдууларды текшерүүдөн өткөрүү үчүн бараткан МКК кызматкерлери жол кырсыгына кабыл болгон. Токтогул районунун Чычкан капчыгайында аласалып кеткен микроавтобустун 18 жүргүнчүсү жабыркаган, анын экөөнө амбулатордук жардам көрсөтүлүп, экөө аймактык ооруканага, ал эми калганы Бишкек шаардык ооруканага жеткирилген.

Президенттин фондунан жабыркагандарга 570 миң сом өлчөмүндө каражат бөлүндү. Мында абалы оор деп табылган үч кызматкер 50 миң сомдон, калганы 30 миң сомдон алат.

Буга чейин вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева жабыркагандардын абалы менен таанышып, өкмөт дарылоону өз көзөмөлүнө ала турганын маалымдаган.

Тема боюнча

Атайы операция учурунда үй-жайы күйүп кеткендерге өкмөт жардам көрсөтөт
Москва жана Логвиненко көчөлөрүнүн кесилишинде тез жардам кызматынын машинасы ала салды
Белгилер:
президент, жол кырсыгы, жардам, Чычкан суусу, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ