МКК биометриканы текшерүү учурунда дал келбестиктердин себебин түшүндүрдү

© Sputnik / Родионова ДиляКалкты тейлөө борбору. Архив
Калкты тейлөө борбору. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мэрия тестирлөөдөн 1351 адам өтүп, анын 217си өзүн тизмеден таппаганын маалымдаган.

БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Мамлекеттик каттоо кызматы биометриканы тестирлөө учурундагы дал келбестиктердин себебин түшүндүрдү.

Бишкекте биометрияны тестирлөөдө дал келбестиктер аныкталды
Бүгүнкү күндө шаар аймагында биометрикалык маалыматтын негизинде жаңы жабдуулар текшерүүдөн өткөрүлүп жатат. Мэрия буга чейин тестирлөөдөн 1351 адам өтүп, анын 217си өзүн тизмеден таппаганын маалымдаган.

МКК караштуу "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын техникалык директору Кубанычбек Сааданбековдун айтымында, биометрикалык маалыматын тапшырып, бирок шайлоочулардын тизмесинен өз аты-жөнүн таппаган жаран бул тууралуу shailoo.srs.kg сайтына жазышы керек. Мында ал салык төлөөчү жеке номерин, аты-жөнүн жана биометрикалык маалымат тапшырган даректи кошо көрсөтүүсү зарыл.

"Биз ал маалымат менен иштейбиз. Эгер дарек көрсөтүлсө, ошол жерден текшеребиз. Жаран жакында эле биометрикалык маалымат тапшырып, ал борбордук системага жеткириле элек болушу да мүмкүн", — дейт Сааданбеков.

Мындан тышкары, мекеме 15-августта Борбордук шайлоо комиссиясына биометрикадан өткөн шайлоочулардын тизмесин өткөрөт.

"Биометрикадан өткөнү тууралуу маалымдама бергени менен өзүн негизги тизмеден таппаган жарандар да бар. Республиканын бардык аймагынан маалымат жыйнаган мобилдүү топтор иштеп жатат", — деди өкүл.

Чүйдүн жашоочуларынын 85 пайызы биометрикалык маалыматтарын тапшырды
Анын айтымында, жарандардын өзүн тизмеден таппаган учурлары башка облус-шаарларда да кездешкен. Тестирлөө жана кемчиликтерди жоюу иштери сентябрдын ортосуна чейин жүргүзүлөт.

Биометрикалык маалымат чогултуу 2014-жылдын август айында башталган. Ага ылайык, 16 жаштан жогору болгон бардык жарандар бармак издерин, санарип сүрөтүн жана электрондук кол тамгасын тапшырууга милдеттүү. Жалпысынан Кыргызстан боюнча 3 миллион 641 киши жеке маалыматтарын тапшыруусу керек деп болжонууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0