07:45 26 Бирдин айы 2021
Түз эфир
  • USD84.6796
  • EUR103.3811
  • RUB1.1525
Коом
Кыскача шилтеме алуу
ЕАЭБдеги Кыргызстан (236)
18510

Өндүрүмдүн өз баасы төмөндөйт, бажы тосмолорунун ачылышы ири рынокко карай жол ачат дейт Рустам Маткадыров.

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. ЕАЭБ мүчө мамлекеттер ортосунда чек ара тосмолорунун ачылышы менен өндүрүшүн ишке киргизе турганын курулуш фирмасынын жетекчиси Рустам Маткадыров билдирди.

Шейшембиде Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев акыркы болуп Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке кошулуусу тууралуу келишимди ратификациялады. Жакынкы күндөрү Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы бажы тосмолору алынары күтүлүп жатат.

Ишкердин айтуусунда, ал эки жылдан бери макарон азыктарын чыгаруучу мини-заводун ишке киргизе албай келет.

"Иштөө үчүн баары даяр турат – имарат бар, жабдуу жетиштүү, бардык документтер даярдалган. Бирок ундун баасынын кымбаттыгынан завод өзүн өзү акташы күмөн", — дейт Маткадыров.

Макарон чыгаруу Кыргызстанда жок сырьедон өндүрүлөт. Ишкердин айтымында, жергиликтүү ун буга жарабагандыктан, аны Казакстандан сатып алууга туура келет. Чек ара тосмосунун ачылышы менен сырьену төмөн баада сатып алууга жана өндүрүмдү арзан сатууга мүмкүнчүлүк болот.

"Өндүрүмдүн өз баасы төмөндөйт, бажы тосмолорунун ачылышы ири рынокко карай жол ачат", — дейт ишкер.

ЕАЭБге толук кандуу мүчө болушу менен Кыргызстанда соода жүгүртүү, миграция жаатында  жана башка бир катар жылыштар болорун Евразиялык экономикалык комиссия белгилейт.

Тема:
ЕАЭБдеги Кыргызстан (236)

Тема боюнча

Панкратов: ЕЭК Казакстандан нота алгандан кийин чек аралар ачылат
Белгилер:
бажы тосмолору, соода тармактары, ишкер, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ