Баткендеги чек арада түн тынч өттү

© Медербек НиязалиевБаткен районундагы Көк-Таш айылы. Архив
Баткен районундагы Көк-Таш айылы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Баткен районунуну Көк-Таш айыл аймагында мамлекеттик чек ара бекемделип, чек ара кызматы жана башка күч түзүмдөрү кайтарып турат.

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Баткен районунунун Көк-Таш айылындагы кыргыз-тажик чек арасында түн тынч өттү. Бул туурасында Көк-Таш айыл аймагынын башчысы Разия Өсөрова Sputnik маалымат агенттигине билдирди.

"Чек арада түн тынч өттү. Таңкы саат алтыларга чейин басып жүрүп, жаңы эле кирдим. Азыр чек ара тилкесинде бардык күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү жүрөт", — деп билдирди Разия Өсөрова.

Ал кечээги тирешүү кечке жетпей эле токтоп, эл тарап кеткенин кошумчалады.

Баткендеги чек ара чатагынан бир нече адам жаракат алды
2015-жылдын 3-августунда Баткен районунун Көк-Таш айылындагы кыргыз-тажик чек арасында чатак болуп, бир канча үйлөр талкаланып, кыргызстандык бир нече жарандар жаракат алган. Жаатташкан тараптар жергиликтүү бийликтин жана укук коргоо органдарынын түшүндүрүү иштеринен соң, түнкү саат 12лерден кийин тараган. Бирок экинчи күнү, 4-августта түшкө жуук кыргыз жана тажик жарандары кайрадан жаатташып, анын кесепетинен кыргызстандын үч жараны жаракат алып, ооруканага түшкөн. Чатак учурунда ок атылган. Чек ара кызматы кыргыз чек арачылары ок чыгарбагандыгын расмий тастыктады. 

Чатак Тажикстандын жарандары көк-таштыктардын мүрзөгө барчу жолун тороп алгандан башталган. Каршылык иретинде кыргызстандыктар Тажикстандын аймагына кетчү каналды бууп салышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0