Муфтий ажы башчыларына сертификат тапшырды

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстан мусулмандарынын муфтийи Токтомушев Максатбек ажы. Архив
Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Токтомушев Максатбек ажы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Быйыл Мекеге зыяратка баргандарды коштоп бара турган ажы башчылыгына 72 адам тандап алынды.

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Бүгүн Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын муфтийи Токтомушев Максатбек ажы быйылкы жылы конкурстук негизде тандап алынган ажы башчылары менен жолугуп, аларга сертификат тапшырды. Бул туурасында муфтияттын маалымат кзыматы кабарлайт.

Мусулмандар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ош облусунда ажы башчылыгына талапкерлерди каттоо жүрүп жатат
Жолугушуунун алкагында Азирети муфтий ажылык сапарга бара турган зыяратчыларга жогорку деңгээлде кызмат көрсөтүү талабын койду. Ошондой эле ар бир ажы менен тыгыз мамиледе болуп, ажылыктын шарттарын, милдеттерин туура түшүндүрүү керек экендигин баса белгиледи.

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы 2015-жылы ажылыкка баруучуларды тейлеп, аларга кызмат көрсөтүү максатында ажы башчылары арасында конкурс өткөрүп,  жыйынтыгында 72 ажы башчысын тандаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0