Кутурма оорусунан кантип сактануу керек

© Sputnik / Сергей Ермохин / Медиабанкка өтүүКамалган ит. Архив
Камалган ит. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кутурма дартына үй жаныбарларын кармоо эрежелерин сактабагандан, малды жана башка жандыктарды убагында эмдебей жана медициналык жардамга кеч кайрылгандан чалдыгууга болот.

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Кутурма оорусунун кантип алдын алып жана вирустун айыкпас дартка айланышына  кантип жол бербөө керектиги жөнүндө Sputnik агенттигине Саламаттык сактоо министрлигинен айтып беришти.

Кутурма эмнеден жана кантип жугушу мүмкүн:

  • оорулуу ит-мышыктардан, түлкү-карышкырлардан жана башка жылуу кандуу жандыктардан; 
  • оорулуу жаныбардын тиштешинен, тытып алышынан жана шилекейинен, ошондой эле анын шилекейи чачырап калган буюмдардан.

Оорунун биринчи белгилери:

  • тиштеген жер жарасы толук айыкса да, ачышып (ооруп, дүүлүгүп, тери сезгенчээк тартып) калат;
  • тиштеген жер сезгенип, кызарып, шишийт;
  • дене табы 37,3 градуска чейин көтөрүлөт.

Тиштеген учурда биринчи жардам көрсөтүү:

  • оорулуу жаныбардын шилекейи менен кошо дартты козгогучту жууп салыш үчүн, жараны же шилекей тийген жерди дароо жылуу суу менен самындап жууш керек;
  • канды соруп чыгарууга такыр болбойт.

Эсиңизде болсун!

  • жара болгон жерди гана жууп-тазалап коюу кутургу оорусунан сактабайт;
  • өз убагында медициналык жардам алыш үчүн, мүмкүн болушунча тезирээк саламаттык сактоо мекемесине (үй-бүлөлүк медицина борборуна, ооруканага, ФАПка) кайрылыңыз. Ал жерден жараны жууп-тазалап, зарылчылыгына жараша кутурмага каршы вакцина сайышат.

Жаныбарлардын ээлерине:

  • жаныбарларды кармоо эрежелерин бекем сактоо керек; 
  • өз убагында эмдетүү; 
  • жаныбардын жүрүм-туруму адаттан тыш болуп, алгачкы белгилери пайда болор замат аны бөлүп кармап, мал доктурган көрсөтүү;
  • кайсы бир себеп менен итиңизден же мышыгыңыздан арылгыңыз келсе, аларды жолбунга айлантып көчөгө чыгарып салбай, ветеринардык ооруканага тапшырыңыз;
  • кутурма оорусунун жайылышына үйсүз ит-мышыктар башкы роль ойной турганы эсиңизде болсун.

Тиштеп алган жаныбарды эмне кылыш керек:

  • өлтүрүүгө болбойт;
  • жаныбарды мал доктурга көрсөтүңүз; 
  • эгер жаныбар өлүп калса, кутурма оорусуна текшерүү маселесин чечүү үчүн ветеринардык кызматка кабарлоо зарыл;
  • текшерүүгө мүмкүнчүлүк жок болсо, жаныбардын өлүгүн же башын бардык сактык чараларын көрүү менен ветеринардык лабораторияга жеткирүү керек;
  • өлүктүн башын алуу жана аны алып баруу үчүн бир нерсеге салуу боюнча бардык аракеттерди кол кап кийип алып жасаңыз.

Оорукана. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кутурма дартынан Кара-Буура районунун тургуну каза болду
Элдердин кутурма менен ооруп калышы негизинен тиштеп алгандан кийин медициналык жардам сурап кеч кайрылгандан, жаныбарларды эмдөө мөөнөттөрүн бузгандан жана үйсүз же жапайы жаныбарлар менен этият эместиктен болот. 

Кутурма оорусун жугузуп алууга байланышкан акыркы окуя 2015 жылдын 27-июлунда Талас облусуна караштуу Кара-Буура районунда болду. Чөө тиштеп, дартты жугузуп алган адам дарыгерге өз убагында кайрылбагандыктан 2-августта көз жумду.

Жаңылыктар түрмөгү
0