Баткендеги чек арага эл эки тараптан кайрадан чогула баштады

© REUTERS / Mukesh Gupta/FilesЧек арачы. Архив
Чек арачы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Баткендин кечээ чатак чыккан чек ара тилкесинде эл кайрадан чогулуп, ал жерде чек арачылар жана милиция кызматкерлери жүрөт.

БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Баткен районундагы Көк-Таш айылындагы Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында эл кайрадан чогулуп баштап, учурда ал жерде райондун акими эл менен сүйлөшүп, түшүндүрүү иштерин жасап жүрөт. Бул туурасында Sputnik маалымат агенттигине жергиликтүү журналист Заирбек Өмүрбек уулу билдирди.

"Кечээ чатак чыгып, эл тирешип турган жерге кыргыз-тажик жарандары кайрадан акырындап чогула баштады", — деди Заирбек Өмүрбек уулу.

Ал эми Баткен районундагы Көк-Таш айыл аймагынын башчысы Разия Өсөрова эл чогулуп жаткан жерде учурда чек арачылар жана милиция кызматкерлери тургандыгын Sputnik маалымат агентигине билдирди.

"Ал жерде азыр тартип коргоо органдары менен чек арачылар жүрөт. Кыргыз тараптан чогулгандардын саны 50 адамга чукул", — деди Өсөрова.

Ал эми өкмөттүн Баткен облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Жеңиш Разаков учурда аталган аймакта абал тынч экендигин Sputnik агенттигине билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0