Адвокат: Коркмазовдун өнөкөт оорусу коркунучтуу

© Sputnik / Табылды КадырбековОперационная комната. Архивное фото
Операционная комната. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коррупцияга шектелген ЖК депутаты Хаджимурат Коркмазов стационардык дарыланууга муктаж экенин анын адвокаты кабарлады.

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Пара талап кылган деп шектелип жаткан депутат Хаджимурат Коркмазовдун адвокаты Кайрат Загибаев Sputnik агенттигине айыпталуучу катуу өнөкөт оору менен жабыркай турганын билдирди.

Дүйшөмбү күнү Бишкек шаардык соту Октябрь райондук соттун Коркмазовду эки айга камакка алуу чечимин жокко чыгарып, үй камагына алуу чечимин кабыл алды.

"Анын оор өнөкөт дарты бар. Коркмазов стационардык дарыланууга муктаж", — деди адвокат.

Загибаев бул ишти саясий буйрутма деп эсептебей турганын белгиледи. Анын айтымында, бул кадимки катардагы эле иш.

"Муну саясатташтыруунун эмне кереги бар? Кызматыман кетирүү үчүн жасалды деп Нарымбаев айтышы мүмкүн. Биз антип ойлобойбуз. Тергөө менен кызматташууда да эч кандай көйгөй жок. Кысым жасалган жок", — дейт адвокат.

Загибаев сотто депутаттын кызыкчылыгын андан башка дагы эки адвокат коргой турганын кошумчалады. Жактоочу тергөө жүрүп жатканына байланыштуу башка маалымат берүүдөн баш тартты. 

Коррупцияга шектелген ЖК депутаты Коркмазов үй камагына чыкты
Жогорку Кеңештин депутаты 100 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалган. УКМК Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы аталган депутат Жогорку сотто карала турган Нариман Түлеевдин ишинин оң жагына чечилишине жардам берүү үчүн анын туугандарынан 200 миң доллар өлчөмүндө пара талап кылганынмаалымдаган. 

Үстүбүздөгү жылдын 15-июль күнү аталган факт боюнча Башкы прокуратура тарабынан Кылмыш жаза кодексинин "Коррупция", "Пара талап кылуу" жана "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелеринин негизинде Коркмазовго кылмыш иши козголуп, Октябрь райондук соту аны эки айга камакка алуу чечимин чыгарган.

Жаңылыктар түрмөгү
0