04:32 13 Бештин айы 2018
Түз эфир
  • USD69.8300
  • EUR79.0615
  • RUB1.0513
Карылар үйү. Архив

Мүрзө башында кызыл чеке болгондор, 8 сантиметрлик петрушка жана баласын танган эне

© Sputnik / Кирилл Каллиников
Коом
Кыскача шилтеме алуу
62520

Кыялдын өз аты жок – бири Катенька десе, башкасы Катюша же жөн эле кызым дейт. Аял тогуз жылдан бери абышка-кемпирлерге кыз ордуна кыз, балдарга эне болуп келет. Кыял Жанузакова — социалдык кызматкер.

Ал эмне үчүн майда тыйындарды жакшы көрөрүн, өз энеси баланын кереги жок деген сөздөрүн наристелер кандай кабыл алышарын жана эмне үчүн соцкызматкерлери эски гезиттерди толтура сатып алышарын Sputnik кабарысына айтып берди.

Валядан жашоонун илеби келип туратт  экен — аны курчагандар алма, мышык, күндүн нуру. Дубалда апакай пардоо илинген. "Кошунам жууп берди!" — дейт жылмая Валентина Васильевна. Соцкызматкерди Кыял анын бетинен өбөт. 

Биз залга киргенде Валя апа үч көңүлдөшү бар бир аял жөнүндө шайыр ыр ырдап берди. Кыял каткырып күлүп калды. Биздин артыбыздан кериле басып мышык да кирди. "Ал муздаткычтын жанынан чыкчу эмес. Көптөн бери аякта эт жок, бирок сүт куюп бере алам",— дейт кемпир. Мышык болсо “ооба, туура” дегенсип мыёлоп коёт. 

Валентина Васильевна Кыялга төрт каттап таңылган тизесин көрсөтүп:

"Өзүм ойлоп таптым! Кемирчектер жумшарып, анча оорубай калатэ кен", — деп мактанды. Дарыгер аны алты миң сомдук дарыны сатып алганга кантип көндүргөнүн, ал баары бир эч жардам бербегинин айтып берди. Валя апа болсо ал дарыга акчаны жарым жыл чогултуптур. 

"Мени короодогу майда балдардын баары жакшы көрүшөт. Мага сатып келгенге эч нерсе кереги жокпу деп сурап турушат. "Валя апа, ыр айтып берелиби, же оюн коюп берелиби деп калышат" — дейт Валентина Васильевна. Анын сөзүнө караганда, өзүнө курдаш башка кемпирлерди балдар менен чуулдап ойногон кыжырлантат экен. 

"Бала менен кошо бала болуп кетесиң деп ачууланышат", — дейт Валя апа. 

Коштошуп жатып, Валентина Соболева ар бирибизге өз багынан экиден алма берди. Ушул кычкыл алмадан башка ооз тийгизерге эч нерсе жок деп өкүндү.

— Кыял, 12 кары-картаңды карайт экенсиз. Эмнеге муну сиз кыласыз? Алардын бала-чакасы кайда? 

— Билесизби, алардын көбүнүн туугандары бар. Көбү Россияда жашайт. Негизинен өлгөндөн кийин сөөгүн койгону келишет. Маркум кимге жакыныраак тууган эле деп талаш-тартыш башталат. Өзүңүз түшүнөсүз да — батир, үй, мураска калган буюм-тайым дегендей …

— Алардын көзүнө карап көргөнсүзбү? Мурдатан кайда жүргөндөрүн сурайсызбы? 

— Мага чырдын кереги эмне? Кээде жаман көзүм менен карап коём. 

— Сиздин милдетиңиз эмне? 

— Азык-түлүк сатып келүү, үй жыйноо. Же жөн эле сүйлөшүп отуруу. 

— Менин чоң энем бар. Азабыбызды берет. Эң жакшы көргөн кылыгы — жатып алып кыйнала бермей. Кээде баспай калат, ошондо аябай кыйын. Бирок аны жумасына эки эле жолу карасак, ага эмне болорун элестете албайм. Соцкызматкерлери картаңдарга андан көп келбейт да. Сиз карагандардын алтоо болсо төшөктөн турбайт экен. 

— Бул эки башка нерсе. Менин карыяларым көтөрүмдүү болуш керектигин түшүнөт. Ооба, эгер багып-карай турган туугандары болсо, жатып алып "ыракаттана" ооруй берсе болот деңизчи. Менин абышка-кемпирлерим болсо ойлоп тапканга кыйын. Мен караган апалардын бири такыр турбайт, жакындары да жок. Ал кандай жашарын билесизби? Бир таягы бар, аны менен баарына жетет – жарыкты да өчүрөт, телевизордун үнүн да көтөрүп алат. 

— Тазалыкчы? Памперстерин да жумасына эки жолу алмаштырасыңарбы?

— Жок! Памперске пенсиясынын баары кетпейби! Бирок биз айласын тапканбыз – мен эски гезиттерден көп сатып барып коём. Ал пакетке "отуруп", үстүн гезиттер менен жаап, четке калтырып коёт. Мен келгенде алып коём… 

— Алар тамак-ашы сатып келгенге сизге акча берет. Карылардын кыялы жаман болору түшүнүктүү эмеспи. Буга байланыштуу чыр көп болобу? Картошка жаман экен, эттин сөөгү көп экен…

— Кайдагы эт? Бир айда бир жолу араң тоок алам. Калганы болсо сиз айткандай. Карыялар базарда бааны жакшы билишет, кайсы жерде эмне канчадан экенин кошуналарынан сурап билип алышат. Эреже боюнча, мен эң жакынкы соода түйүнүнөн – дүкөндөн же ларектон үч килограммдан ашпаган азык-түлүк сатып келишим керек. Бирок карыялар үчүн үч кило эмнеге жетет? Анан калса, дүкөндөрдүн баасы кымбат.

Мен велосипедге отуруп алып базарга барам. Эмнесине таң каласыз? Эрте жаздан тартып кеч күзгө чейин велосипедден түшпөйм. Бизге жол киреге 500 сомдон берет, ошого районду өйдө-төмөн кыдырышыбыз кере. Жок, маршруткага акча түтпөйт. 

Базарды кыдырып, эң арзанын тапканга аракет кылам. Кээде 10 сомдон помидор тапканга сүйүнүп келсең, кошо кубангандын ордуна нааразы болушат…

— Эмнеге? 

— Картаңдар баарына эле нааразы боло берет – жылмайып койбойсуң, эмне анчалык жылмаясың, катуу басасың. Айтор, акырын бассаң – аксак, катуу бассаң – таскак. Мен бир апаны төрт жыл карадым. Мурда ал радиодо иштеген экен. Аябай акылдуу болчу, бирок талабы катуу эле…

Жарым килодон пияз, картошка сатып кел дечү. Акчаны да ченеп туруп 500 граммга гана берчү. Мен болсо бир жарым кило сатып келем. Эмнеге дебейсизби? Алып келгенимди коридорго төкчүмүн да, апа болсо анын ичинен жакканын тандап алчу. Күйөөсү аны урушуп калар эле. Дагы ал сатып келе турган петрушка сегиз сантиметрден ашпоосун талап кылат. Анын эшигинин жанына туруп алып атайын кичинелерин тандаган күндөрүм эсимде. Сабиздин учу болсо сөзсүз ичке эмес, тоголок болушу керек дечү. 

— Мен андайга чыдамак эмесмин: бурулуп басып кетмекмин. Ал эмне деген эркелик?!

— Бул менин ишим. Көнүшүбүз керек. 

— Ооба, картаңдар менен тил табышуу кыйын. Жаштар бул иште көп кармалбаса керек. Айлык акчаңар да канча экенин элестетип жатам …

— 6 800 алам. Эки айда бир жолу 20 сомду майда тыйындарга майдалап турушум керек. Карыларымдын коммуналдык акыларын төлөгөндө, почтадан майда тыйынды кайрып беришпейт, сумманы тегеректеп коюшат. Кемпир-абышкалар болсо тыйынды сенден талап кылышат.

— Карылар жөнүндө эле кеп кыла беребизби? Балдар жөнүндө сүйлөшпөйлүбү? Менин билишимче, анча жакшы эмес үй-бүлөлөрдөн он чакты бала да сиздин карооңузда. Аракка берилип кеткен жалгыз бой энелер соцкызматкерлердин мойнуна отуруп алганын көрсөткөн берүүлөр көп. Балдарын алып кетпегиле деп жалынгандары бар. Турмушта да ошондойбу?

— Көбүнчөсү ошондой, бирок андай энелерге боорум оорубайт. Балдар болсо – башка кеп. Алты жашар наристе жалдыраган көздөрү менен карап турса… Мен баарын өзүмө алып алат элем, күйөөм каршы — ал майып, дагы өзүбүздүн эки баланы бутуна тургузушубуз керек. Ар бир баргандан кийин, көпкө чейин өзүмө келе албай жүрөм…

— Улуураактарычы?

— 11-12 жаштагы тестиерлер баарын түшүнүп калышат. Көпчүлүгү баарына ызаланган. Карасаң – анык эле карышкырдын баласы. 

— Балага кайсы жерде жакшы болот: интернаттабы же арак ичкен ата-энеси мененби деп талашып-тартышканды жакшы көрөт эмеспи? Сиз кандай ойлойсуз?

— Албетте интернатта! Ал жерде тамак да беришет, сабакка да алып барышат. А үйдө эмне… Эмне үчүн бизде балдар 6-7 жашынан тамеки чегип, иче башташат? Ата-энеси мас болуп жатса, столдун үстүндө тамактын ордуна арак менен тамеки турса…

— Аларга оңолгонго канча убакыт беришет? Бир жума, бир ай?

— Жок, бул өтө эле аз. Үч ай да жетпейт, квартираны бир аз оңдоп, шейшептерди алмаштырып, кийим-кече алып бериш керек. Мунун баары акча да. Жарым жылдан кийин оңолуп калышы мүмкүн. Андан эрте болбойт. 

— Дагы соцкызматкерлер өз баласынан баш тартууну чечкен энелерди антпегенге көндүрүшү керек. Деги эле эмне үчүн мындай жагдайлар пайда болуп калат?

— Ар кандай болот. Бир үйдө бүлө башчысы өлүп калды. Аялы болсо аны өмүр бою жек көрчү экен. Баласы болсо маркумга куюп койгондой окшоп калыптыр десеңиз. Биздин айткандарыбызга эч болгон жок – баланы алып кетүүгө туура келди. 

— Бала кандай кабыл алды?

— Бакырып, кыйкырды. Апасына эмнеге кереги жок болуп калганын ал түшүнө алган жок. Анын этегине жармашып, чоочун кишилерге бербе деп жалынды. Энеси болсо тетири карап унчукпайт. Күч менен алып кеттик.

— Мындай чечимден баш тарттырган учурлар көппү?

— Ал да ар кандай болот. Көп учурда натыйжа жок. Баланы алып кеткени келсек, боздоп ыйлайт. Энеси да өксүйт. Оюнан кайтат. 

— Өзүңүзгө бооруңуз ачыйбы? Өз үй-бүлөңүзгө эмес, такыр чоочун кишилерге күчүңүздү жумшап, алардын кареги менен тең айланып, кыялына чыдап, аларды аяп?

— Жок. Өзүмө жаным ачыбайт. Бирок эмнелер башыман өтөрүн билгенде, башка ишти тандап алмакмын. Баарынан жаманы эмне, билесизби? Менин колумдан эч нерсе келбегени. Карыган апанын оорусун баса албайм, кичине балага апасын кайтарып же ачкаларды тойгуза албайм. Колумдан келишинче эле жардам берип жүрөм…

Тема боюнча

Башкы прокуратура: Сокулуктун почтасы ардагердердин пенсиясын кымырып алышкан
Октябрда пенсиянын орточо көлөмү 173 сомго көбөйөт
Белгилер:
жалгыз бой эне, жумуш, пенсия, карыя, социалдык кызматкер, балдар
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ