Кыргызстандын ооруканалары Кувейттен медициналык жабдууларды алат

© Sputnik / Алексей Даничев / Медиабанкка өтүүОперация кылуучу бөлмө. Архив
Операция кылуучу бөлмө. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жалпы салмагы 17 тонна медициналык жабдуулар азыр Азербайжанда экенин КРдин Тышкы иштер министрлиги билдирди.

БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Кувейттин кайрымдуулук уюму Кыргызстандын ооруканалары үчүн гуманитардык жардам берди. Бул туурасында ТИМдин маалымат кызматы Кыргызстандын Азербайжандагы элчилигине таянуу менен билдирди.

Кайрымдуулук уюму Кувейт өкмөтүнүн атынан берген 17 тоннадан ашык медициналык жабдуулар гуманитардык жардам иретинде Кыргызстандын ооруканалары менен клиникаларына берилет.

Аталган жүк азырынча Азербайжандын Гейдар Алиев атындагы эл аралык аэропортунда турат. Аны Кыргызстанга алып келүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0