Онкология борборунун директору бейтаптардын акчалары кайда кеткенин түшүндүрдү

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүКаттуу ооруга кабылган балдар. Архив
Каттуу ооруга кабылган балдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Каражаттарды коромжу кылгандыгы жөнүндө ЖМКдагы билдирүүлөрдөн кийин дарыгерлер күнү-түнү бейтаптардын дарты менен алп урушкандарына карабай, кылмышкер атка конуп калышты дейт Султангазиева.

БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Мекеменин атайын эсебине түшпөй калган 7,5 миллион сомго жакын каражат "жел" акча болуп эсептелерин республиканын Саламаттык сактоо министрилигинин алдындагы Улуттук онкология борборунун директору Бактыгүл Султангазиева.

Ооруканадагы ымыркай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Онкология борборунда бейтаптардан түшкөн 7,5 миллионду сол чөнтөккө салышкан
Шаршембиде КРдин Башкы прокуратурасы Улуттук онкология борборунун атайын эсебине 2013 —жана 2014-жылдары шишик оорусуна чалдыккандар жана онкологиялык эмес оорулуулар борбордун көрсөткөн кызматтары үчүн которгон 7 миллион 483 миң соң келип түшпөй калганын аныктагандан кийин мекеменин кызматкерлеринин үстүнөн кылмыш ишин козгогон.

Жетекчинин айтымында, прокурордук текшерүү бейтаптар борборго келип түшкөндөгү эсептик эреже бузууларды аныктаган, бирок Эсеп палатасы менен ошол эле прокуратура мурдараак жүргүзгөн текшерүүлөр эч ката тапкан эмес. 

"Ал оорулуулар төлөшү мүмкүн болгон гана акчалар, чынында, алар төлөнгөн эмес, божомолдонгон гана болчу. Мурда оорулуулар клиникада канча күн болушу керек деп бекитилген мөөнөт жок болчу", — дейт дарыгер. 

Директор эмне үчүн бейтаптарды борбордо дарылоо мөөнөтү мыйзам бузгандык болуп калганын борбордо эми түшүнүшкөнүн белгиледи.

"Бир орун үчүн бейтап бир жатканда 5 миң 800 сом төлөйт. Бирок алар көп учурда оор абалында келип түшкөндүктөн, абалы жакшырганга чейин жатып дарыланышат", — деди Султангазиева.

Прокуратура бул жагдайды мыйзам бузуу катары баалаганын, себеби борбордо орунду бейтап сегиз гана күн ээлеши керек, алар болсо 10 күн да, 20 күн да жаткан учурлары болот деп белгиледи ал. 

"Биз оорулууларды кууп чыга албайбыз да. Алар ансыз деле кымбат дарыны өз чөнтөгүнөн алышат. Анан сегиз күндөн кийин палатадагы орун үчүн да кайра акча алмак белек", — деди борбордун жетекчиси.

Дарыгерлер өз күнөөсү жоктугун тергөө учурунда бардык зарыл документтерди берүү менен далилдеше турганын баса белгиледи ал. 

"Бизде дарыга эмес, баштапкы төлөмдү төгө албаган албаган оор абалдагы бейтаптар болгон. Алардын абалын көрүп туруп, акы алган эмеспиз, ошон үчүн прокуратура эсептеп чыкан сумма ушунча болду", — деп түшүндүрдү врач.

Султангазиева мамлекет айыккыс шишик ооруга чалдыккандардын дары-дармегине жана дарылануусуна акы төлөйт, башка бейтаптардын мындай жеңилдиктери жок экенин белгиледи. 

"Каражаттарды коромжу пайдалануу жөнүндө ЖМКдагы билдирүүлөрдөн кийин дарыгерлер күнү-түнү бейтаптардын дарты менен алп урушкандарына карабай, кылмышкер атка конуп калышты", — дейт директор.

Башкы прокуратуранын маалыматында 2013-жана 2014-жылдары төмөнкү бөлүмдөр боюнча борбордун атайын эсебине каражаттар түшпөй калган:

 

  • абдоминалдык онкология — 603 999 сом;
  • онкологиялык проктология — 314 330 сом; 
  • шишикке чейинки оорулар — 530 478 сом; 
  • торакалдык онкология — 592 630 сом; 
  • баш жана моюн шишиги — 1 миллион 993 962 сом; 
  • онкологиялык урология — 158 840 сом;
  • онкологиялык гинекология — 3 миллион 288 836 сом.

 

Учурда тергөө жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0