Куткаруучулар адам өмүрүн сактап калышты

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүКуткаруучу тегерек. Архив
Куткаруучу тегерек. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсык Биринчи Май районунун аймагы аркылуу өткөн Ала-Арча дарыясында болгон.

БИШКЕК, 31-июль — Sputnik. Бишкек шаарынын Биринчи Май районунун аймагы аркылуу агып өткөн сууга чөгүп бараткан адамды куткаруучулар сактап калды. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык 30-июль күнү Токтоналиев көчөсүндө жайгашкан Ала-Арча дарыясында болгон. 

Куткаруучулар чөгүп бара жаткан адамды суудан чыгарып, өмүрүн сактап калышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0