Кыргыз эл артисти Токтобаев 1-августта Ала-Арча көрүстөнүнө коюлат

© Тынчтык ТурдалиевКыргыз Эл артисти Мукамбет Токтобаев. Архив
Кыргыз Эл артисти Мукамбет Токтобаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мукамбет Токтобаев менен коштошуу зыйнаты 1-август күнү Токтоболот Абдымомунов атындагы кыргыз улуттук драма театрында өтөт.

БИШКЕК, 31-июль — Sputnik. Машина уруп кетип каза болгон Кыргыз Эл артисти Мукамбет Токтобаев эртең, 1-августта Ала-Арча көрүстөнүнө коюлат. Бул туурасында Токтоболот Абдымомунов атындагы кыргыз улуттук драма театрынын директору Темирлан Сманбеков Sputnik агенттине билдирди. 

"Мукамбет Токтобаев менен коштошуу зыйнаты 1-август күнү эртең мененки саат 9.00дө Токтоболот Абдымомунов атындагы кыргыз улуттук драма театрынын экинчи кабатында өтөт", — деди Сманбеков.

Кыргыз эл артисти, актер Мукамбет Токтобаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз эл артисти Мукамбет Токтобаев каза болду
Директор саат 10.00дө театр алдында митинг-реквием өтөрүн, ал бүткөндөн кийин Токтобаевдин сөөгүн Бишкектеги Ала-Арча көрүстөнүнө алып чыгып кетишерин кошумчалады.

Белгилүү театр жана кино актеру 30-июль күнү Бишкектин Анкара (мурунку Горький — ред.) жана Достоевский көчөлөрүнүн кесилишинде Анкара көчөсү менен батышты көздөй бара жаткан "Опель" үлгүсүндөгү унаа коюп кетип, каза болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0