Муфтият муктаж кишилерге чогулган битир садаганы таратууда

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын Муфтият башчылары. Архив
Кыргызстандын Муфтият башчылары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын мусулмандар динмй башкармалыгы келип түшкөн арыздардын негизинде биринчи топтогу майыптарга жана жетим-жесирлерге битир садага таратты.

БИШКЕК, 30-июль — Sputnik. Кыргызстандын мусулмандар диний башкармалыгы келип түшкөн арыздардын негизинде 481 миң сомдук битир садага таратты. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, биринчи топтогу майыптарга жана жетим-жесирлерге 2000 сомдон 5 000 сомго чейин таратылды. 

Ак-Өргөдөгү мечит. Архив - Sputnik Кыргызстан
Битир садага бердиңизби?
Муфтийдин орун басары Равшан ажы Эратовдун Sputnik агенттигине билдиришинче, КР мусулмандар диний башкармалыгына жардамга муктажбыз деп 32 юридкалык жак, 150 биринчи топтогу майып жана 77 диний медресе арыз менен кайрылган. 

Кыргызстан мусулмандар диний башкармалыгынын токтомуна ылайык, чогултулган битир садаганын 50 пайызы мечиттерде калат. 15 пайызы райондук баш имам хатиптерде, 15 пайызы облустук казыятта жана 20 пайызы муфтиятка бөлүнөт. 

Эратовдун айтымында, учурда келип түшкөн битир садаганын өлчөмү атайын комиссия тарабынан эсептелүүдө.

Битир садага алуу үчүн жарандардын арыздары Рамазан айынын биринчи күнүнөн тартып кабыл алынып, 17-июль күнү токтотулган.

Жаңылыктар түрмөгү
0