Омардын продюсери: апелляциялык арыз беребиз

© предоставлено Омаром ЖанышовымЫрчы Өмүрбек Жанышев. Архив
Ырчы  Өмүрбек Жанышев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Талас райондук соту Өмүрбек Жанышевдин баш коргоо чарасын карап, аны бир айга камакка алуу чечимин чыгарган.

БИШКЕК, 29-июль — Sputnik. Талас райондук сотунун чечиминин үстүнөн апелляциялык арыз берүүнү пландап жатышканын Омардын продюсери Миргүл Эсеналиева билдирди.

Анын айтымында, ырчынын камакта отурушу анын ден соолугуна зыян алып келиши мүмкүн.

"Омардын баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча бүгүн арыз берүүнү пландап жатабыз", — деди Эсеналиева.

Омар реанимациядан эртең чыгышы мүмкүн
Талас райондук соту Омардын баш коргоо чарасын карап, аны бир айга камакка алуу чимин чыгарган. Жогорку соттун маалымат кызматы билдиргендей, райондук соттун чечимине ылайык, Омар 26-августка чейин камакта калат.

ИИМдин билдирүүсүнө ылайык, Талас районунун тургуну Болот Бейшеналиев укук коргоо органдарына кайрылып, Бакай-Ата районунун тургуну Нуржан Токтогулов жана Өмүрбек Жанышев (Омар) андан 40 тонна төө буурчакты "акчасын кийин беребиз" деп алышканын айтып, бирок акчасын кайтарып бере электигин билдирген. Аталган факты боюнча 2015-жылдын апрель айында Кылмыш жаза кодексинин 166-беренеси ("Алдамчылык") боюнча кылмыш иши козголгон. 

Ырчы Омардын жүрөгү кармап облустук ооруканынын реанимация бөлүмүнө жаткырылган. Учурда анын абалы туруктуу. Эгер абалы туруктуу бойдон калса, ал эртең реанимациядан чыгарылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0