Кыргызстанда музейге кам көргөн мыйзам кабыл алынды

© Sputnik / Табылды КадырбековМихаил Фрунзе атындагы музей. Архив
Михаил Фрунзе атындагы музей. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул мыйзамдын кабыл алынышы музей жана музей фондунун түзүлүшү жана иштеши менен байланышкан коомдук мамилелерди толук жана ар тараптуу жөнгө салууга мүмкүндүк берет.

БИШКЕК, 29-июль — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев "КР музейлери жана музей фонду жөнүндө" мыйзамга кол койгонун өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Айтиев атындагы музейдин 18 миң экспонаты жамгырда калуу коркунучунда турат
Мыйзам долбоору КР музей иши жөнүндө мыйзамдарын жакшыртуу максатында иштелип чыккан. Бул мыйзамдын кабыл алынышы музей жана музей фондунун түзүлүшү жана иштеши менен байланышкан коомдук мамилелерин толук жана ар тараптуу жөнгө салууга мүмкүндүк берет.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2015-жылдын 25-июнунда кабыл алынган. 

Аталган мыйзам расмий жарыялангандан кийин күчүнө кирет.

Жаңылыктар түрмөгү
0