Токтогул суу сактагычында былтыркыга салыштырмалуу суу көп

Жазылуу
Бүгүнкү күндө агып келген суунун көлөмү секундасына 765 кубометрди, ал эми чыгымдап жатканыбыз 356 кубометрди түзүүдө.

БИШКЕК, 28-июль — Sputnik. Токтогул суу сактагычында суу талаптагыдай көлөмдө сакталып турат деп билдирди Улуттук электр тармактары ишканасынын маалымат кызматы.

Алардын айтымында, 2015-жылдын 28-июлуна карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 миллиард 524 миллион кубометрди түздү. 

"Былтыркы ушул мезгилге салыштырмалуу, суунун көлөмү эки миллион кубометрге көп. Агып келген суунуну көлөмү секундасына 765 кубометрди, ал эми чыгымдап жатканыбыз 356 кубометрди түзүүдө", — деп билдиришти маалымат кызматынан. 

Таратылган маалыматта өткөн суткада өлкө 25 миллион 12 миң кВт-саат энергиясын колдонгон, бул былтыркыга караганда 59 миң кВт-саатка көп. 

Борбордук ТЭЦ бир сутка ичинде 1 млн. 201 миң кВт-саат энерегиясын иштеп чыкккан. Бардык объектилер кадимки тартипте иштеп жатат. Ал эми оңдоп-түзөө иштери план боюнча жүрүүдө. Бүгүнкү күндө ТЭЦте 128 миң 243 көмүр бар, андан сырткары, пландалган иш-чаранын алкагында кара алтын ташылып келүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0