Жанабаева: кичи автобус айдоочулардын көзүнө 10 сомдон башка эч нерсе көрүнбөйт

© Sputnik / Табылды КадырбековМаршруттук такси аялдамада. Архив
Маршруттук такси аялдамада. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Зумрад Жанабаева маршруттук ишканалардын ээлери микроавтобус айдоочулары менен келишим түзгөнү менен автопарк, жол эрежеси жана айдоочулардын маданиятынын этикасы боюнча окутууга класстардын жок экенин белгиледи.

БИШКЕК, 28-июль — Sputnik. Маршруттук таксинин айдоочулары жүргүнчү алуу үчүн туура эмес жерлерге токтоп, 10 сомдон башканы көрүшпөйт деди тегерек столдо Бишкек ШИИБ Жол кайгуул кызматынын жетекчиси Зумрад Жанабаева.

Ал маршруттук ишканалардын ээлери микроавтобус айдоочулары менен келишим түзгөнү менен автопарк, жол эрежеси жана айдоочулардын маданиятынын этикасы боюнча окутууга класстардын жок экенин белгиледи.

"Мындан улам, айдоочулардын орой мамилеси тууралуу калктан көп арыз түшүп жатат. Келишимде жол кырсыгына ишкана ээси эмес, айдоочу гана жооптуу экени жазылган", — деди Жанабаева.

Жол кайгуул кызматынын жетекчиси маршруттук таксинин айдоочулары жүргүнчү алуу үчүн туура эмес жерлерге токтоп, 10 сомдон башканы көрбөйт деген сын-пикирин айтты.

Жанабаева бул маселелер фирма директорлору тарабынан айдоочулар менен талкууланбай жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0