Омардын продюсери: биздин атыбызды сатып, жаманатты кылышты

© предоставлено Омаром ЖанышовымЫрчы Омар (Өмүрбек Жанышев). Архив
Ырчы Омар (Өмүрбек Жанышев). Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ырчы Өмүрбек Жанышев дүйшөмбү күнү таң эрте кармалып, Талас РИИБдин убактылуу кармоо жайына камакка алынды. Анын баш коргоо чарасы эртең каралат.

БИШКЕК,28-июль — Sputnik. Ырчы Омар (Өмүрбек Жанышев) укук коргоо органдары тарабынан алдамчылыкка шектелип кармалганын анын продюсери Миргүл Эсеналиева Sputnik агенттигине билдирди.

Анын айтымында, башкалар Омардын атын сатып, алдамчылык иш менен алектенишкен.

"Аны алдамчылыкка барган деп айыпташууда. Ал досу менен таластык бир  дыйкандан ондогон тонна төө буурчак алып, акчасын кайтарбай койгон дешүүдө. Чындыгында, Нуржан деген киши Омардын атын сатып, мыйзамсыз иштерди жасаган. Ал колго түшүп калганда өзү менен чогуу ырчыны да ала кетүүнү чечкен", — деди Эсеналиева.

Атактуулардын сүрөттөрү: бешиктеги баланын бек болорун ким билет
Продюсери, эгер Омар акчаны алып алган болсо, эл көзүнө көрүнбөй жашынып жүрмөк дейт.

ИИМдин маалымат кызматы билдиргендей, ишкер Нуржан Токтогулов  өткөн жумада Таласта кармалып, эки айга камакка алынган.

Талас РИИБдин жетекчисинин тергөө боюнча орун басары Аман Кыдыралиевдин Sputnik сайтына билдиришинче, Өмүрбек Жанышев менен Нуржан Токтогулов адвокаттарынын көзүнчө беттештирилген.

"Өмүрбек Жанышевдин баш коргоо чарасы эртең каралат. Ал шектүү адам катары кечээ (27-июлда) эртең менен кармалды", — деди ал.

Кармалгандар Кылмыш жаза кодексинин 166-беренеси ("Алдамчылык") боюнча айыпталууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0