04:29 26 Үчтүн айы 2020
Түз эфир
  • USD69.8443
  • EUR77.1640
  • RUB1.1301
Коом
Кыскача шилтеме алуу
84 0 0

Өкмөттүн Баткендеги өкүлчүлүгү балдарды зордук-зобулукка кабылуунун алдын алуу боюнча жасалуучу иш-чаралардын планын бекиткен.

БИШКЕК, 27-июль — Sputnik. Баткен облусунда балдарга карата ырайымсыз мамилелердин, зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча иш аракеттерди жүргүзүүгө Баткен облустук мусулмандар казыяты да тартылды. Бул туурасында аталган казыятынын маалымат кызматынан билдиришти. 

Өкмөттүн аталган аймактагы өкүлчүлүгү балдарды зордук-зобулукка кабылуунун алдын алуу боюнча жасалуучу иш-чаралардын планын бекиткен. Казыят бул багытта жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте иш жүргүзмөкчү. 

"Баткен облусун мусулмандар казысы Пазыл ажы Султанмуратов облус аймагында түшүндүрү иштерин жүргүзүү максатында жергиликтүү баш имам хатибдерге тиешелүү тапшырмаларды берди",— деп билдирди маалымат кызматынан.

Эми ар бир мечиттерде, жума күндөрү балдарга карата зордук-зомбулуктуу азайтуу үчүн эл арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлмөкчү.

Тема боюнча

Ош облусунун 141 мечитинин имамдарына айлык чегерилет
Түштүк аймактын имамдары жыйырма күндүк окуудан өттү
Белгилер:
маселе, мечит, зордук-зомбулук, Баткен облусу

ЭҢ МААНИЛҮҮ