Бишкек мэриясы: оңдолуп жаткан Курманжан датка көчөсү 1-августта ачылат

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевЖукеев-Пудовкин, Ауэзов, Курманжан датка жана Ибраимов көчөлөрүн оңдоо иштери.
Жукеев-Пудовкин, Ауэзов, Курманжан датка жана Ибраимов көчөлөрүн оңдоо иштери. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкектин вице-мэри Бактыбек Дүйшөмбиев премьер-министр Темир Сариев менен шаардын Жукеев-Пудовкин, Ауэзов, Курманжан датка жана Ибраимов көчөлөрүн текшерүүдөн өткөрдү.

БИШКЕК, 27-июль — Sputnik. Бишкекте премьер-министр Темир Сариевдин катышуусу менен шаардын көчөлөрүн оңдоо жана куруу боюнча көчмө жыйын болуп өткөнүн мэриянын маалымат кызматы билдирет. 

Вице-мэр Бактыбек Дүйшөмбиев премьер-министр Темир Сариев менен шаардын Жукеев-Пудовкин, Ауэзов, Курманжан датка жана Ибраимов көчөлөрүн текшерүүдөн өткөрүп, өкмөт башчыга жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди. 

"Биринчи баскычта биз жолдун кыймылдуу бөлүктөрүнүн курулушун аяктап, унаа жүрүүгө жол ачып жатабыз. Экинчи баскычта тротуарлар курулуп, арык, каналдарды калыбына келтирүү иштерин жасайбыз. 1-августта Курманжан датка көчөсү ачылат. Калган көчөлөр 1-сентябрга чейин пайдаланууга берилет", — деди вице-мэр.

Жыйын жүрүшүндө Сариев сапатын жоготпой курулуш иштерин тез арада аяктоону тапшырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0