Биометрикалык маалымат боюнча шайлоочуларды идентификациялоо башталат

© Sputnik / Табылды КадырбековБиометрикалык маалымат боюнча шайлоочуларды идентификациялоо башталат
Биометрикалык маалымат боюнча шайлоочуларды идентификациялоо башталат - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кийинки жумадан тартып ишке тартылган оператор жана IT адистери жаңы шайлоо технологияларын өздөштүрө баштайт. Муну менен катар август айынын ичинде идентификациялоо боюнча жаңы жабдуу өлкөнүн бардык аймагында тесттен өтөт.

БИШКЕК, 24-июль — Sputnik. 27-июлдан тарта биометрикалык маалымат боюнча шайлоочуларды масштабдуу идентификациялоо баштала турганын Мамлекеттик каттоо кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чара жергиликтүү бийлик менен бирге жүргүзүлүп, текшерүү Баткен облусунан башталат.

Идентификациялоону 10 опреатордон турган ъч топ жъргъзъп, алардын ар бири бештен жабдык комплекти менен камтылат. Текшерүүгө жалпы жонунан Баткен облусунун 125 аймактык шайлоо комиссиясы катышат.

Сарпашев: биометрикалык маалымат чогулта албаган акимдер кызматынан кетет
МКК үстүбүздөгү жылдын 15-августуна чейин биометрикалык маалымат боюнча түзүлгөн шайлоочулардын так тизмесин түзүүнү пландаштырып жатат. Июлдун аягында ар бир айылдык аймак шайлоочулардын сапаттуу тизмесин түзүп, МККна жөнөтүшү керек. 

Кийинки жумадан тартып ишке тартылган оператор жана IT адистери жаңы шайлоо технологияларына өздөштүрө баштайт. Муну менен катар август айынын ичинде идентификация боюнча жаңы жабдуу өлкөнүн бардык аймагында тестирлөөдөн өтөт.

Япония өкмөтүнүн колдоосу менен жакынкы арада шайлоо өткөрүү үчүн жабдыктар толук келет.

Биометрикалык маалыматты пайдалануу менен жарандарды идентификациялоо шайлоодогу "айлампа" ыкмасынын жолун бууп, маалыматтардын так, тууралыгын камсыздайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0