Бишкекте батирлер арзандап жатат

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек шаарынын көрүнүшү. Архив
Бишкек шаарынын көрүнүшү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Текшерүүнүн жыйынтыгы менен мекеме 10-, 12- жана Тунгуч кичирайондорунан башка аймактарда бир бөлмөлүү батирлердин баасы көтөрүлүшү мүмкүн экенин белгилейт.

БИШКЕК, 23-июль — Sputnik. Бишкекте 105-сериядагы бир бөлмөлүү батирлердин баасы кескин төмөндөп кеткенин Мамлекеттик каттоо кызматы билдирет. 

Маалыматка ылайык, жүргүзүлгөн анализ үстүбүздөгү жылдын март айынан баштап батирлер шаардын Жал жана 12-микрорайондорунда арзандаганын аныктаган. 

Архив: Үй куруу иштери - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда батирдин чарчы метри орточо эсеп менен 13 миң сом турат
Мекеме кыйла убакытка  созулган арзандоолордон кийин баа кайра көтөрүлө турганын белгилейт. Июлда шаардын Аламүдүн-1 кичирайонунда батирлердин бир аз өскөнү байкалат. Инфляция жана доллар наркынын жогорулашы менен Чыгыш-5 кичирайонунда батирлердин баасынын көбөйгөнү белгиленүүдө. 

Сатуучу менен алуучулардын олку-солкулугу Тунгуч кичирайонунда да батирлердин арзандашына алып келген. Жүргүзүлгөн анализ бир нече убакыттан кийин баа кайрадан көтөрүлүшү мүмкүн экенин айгинелейт.

Көк-Жар кичирайонунда да батирлердин баасы бир ордунда турбай, жыл башындагы баадан 26 пайызга төмөндөп кеткен. Адистер бул баа көпкө чейин сактала турганын айтышууда.

Анализ калаанын 5-кичирайонундагы батирлер да өткөн жылдын ушул маалындагы баасына караганда кыйла төмөндөп кеткенин көрсөттү. Ал эми 10-кичирайондо баа көп өзгөргөн эмес.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен мекеме 10-, 12- жана Тунгуч кичирайондорунан башка аймактарда бир бөлмөлүү батирлердин баасы көтөрүлүшү мүмкүн экенин белгилейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0