04:25 13 Бештин айы 2018
Түз эфир
  • USD69.8300
  • EUR79.0615
  • RUB1.0513
Каска. Архив

Бишкектик куткаруучу: ымыркайды ажатканадан алып чыгып жатканда ыйлагам

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Коом
Кыскача шилтеме алуу
170

Ошол убакта өлгөн кишинин көзүнө тик карабаш керектигин унутуп калыптырмын. Кийин ал көпкө чейин түшүмдөн кетпей жүрдү дейт Sputnik менен болгон маегинде көп жылдан бери куткаруучу болуп иштеген адис.

Күчтүү эркектер эмнеге ыйлайт, куткаруучулар мышыкты дарактан түшүрүп бер дегендердин өтүнүчүнө кандай карашат жана жабыр таркандар аларды кайсы сөздөр менен тозуп алат? Ушунун баары жөнүндө Sputnik кабарчысына борбор калаанын Куткаруу кызматынын башчысы Адилбек Чаргынов айтып берди. Ал бул кесипти 15 жылдан бери аркалап келет.

— Ар бир эле эркек бала кичинесинде куткаруучу болгусу келсе керек. Бул эр жүрөктүүлүктүн, көркөм тасмалардагы укмуштай күчтүү каармандардын турмушта кездешүүчү үлгүсү эмеспи. Сиз ошол бала кездеги кыялыңыздан өз убагында арыла алган жоксузбу? 

— Мен милиционер болсом дечүмүн. Бирок аскерге барганда, куткаруучулардын катарына кошуп коюшту. Анда эмне иш менен алектенеримди билген да эмесмин. "Эч оорчулугу жок, рюкзакты артыңа асып алып тоолорго чыгып жүрө бермей", — деп аскер командири мыйыгынан күлүп койгон. Баса, менин алгачкы жардамга чакыруум тоо менен байланышкан.

Чаткал районундагы Чапчыма капчыгайы. Кар көчкү автобусту басып калыптыр. Ичинде 11 киши бар болчу экен. Куткаруучулар тобу Жалал-Абаддан кырсык болгон жерге чыгып, бир нече саат дегенде жеттик. Ашууда дагы бир инкассатордук машина калып калганын бизге кабарлашты. Аларды издегени жергиликтүү тургундардан эки киши кетип, алар да дайынсыз жок экен. Бирок ошолор биринчи табылды. Мен таптым. Бири терең кардын астында калган экен. Мен өлгөн кишини ошондо биринчи жолу көргөм. Өлгөндүн көзүнө тик карабаш керектигин унутуп калыптырмын. Кийин ал көпкө чейин түшүмдөн кетпей жүрдү. Чай менен нанды көкүрөгүнө кыса кармаган абалда жатканы азыр да көз алдыма келе калат. Автобусту таап, андагы кишилерге чай берейин деген экен. 

Экинчисин да тез эле таптык. Аны кар анча көмбөптүр. Тирүү калмак экен: бир аз эле өйдө чыга албай калыптыр. 

Андан кийин автобусту таптык, бирок анын ичинде эч ким жок болуп чыкты. Жүргүнчүлөр жакынкы кашарга жетип, биз жеткенче ошол жакта турушуптур. Ал эми инкассаторлорду издөөдө аябай убара болдук. Алар эки күн дегенде гана табылды: унаа жолдо тыгылып калып, инкассаторлор аны ташап кете алышпаптыр, себеби аймактын болгон пенсиясын алып баратышкан да. Салонду жылытканга машинанын майы түгөнгөндөн кийин, аябай үшүп кыйналышкан экен. Бизди бир тууган акелериндей тозуп алышты.

— Силерди деги эле адамдар кандайча тозушат? Аларды тирүү алып кала тургандар көп учурда жалгыз силерсиңер да.

— Чынын айтайынбы? Силерди кайда шайтан айдап жүрөт деген сөздөр менен тозот. Окуя болгон жерге жетип баруу көп учурда кыйын. Бизге дайым эле жол бошото беришпейт. Мисалы, 2001-жылы биз чакыруу боюнча жөнөп калдык. Түн. Совет (Абдрахманов – ред.) көчөсү менен баратсак, Москва көчөсүнөн бир джип учуп чыкты. Анын соккусунан биздин машина оодарылып барып, даракты сүзүп калды. Айдоочубуз ошол жерден каза тапкан. Анан эмне болду дебейсизби? Совет көчөсү — башкы көчө экенине, биздин атайын жарык белгибиз күйгөнүнө, айдоочунун каза болгонуна карабай, джипти айдап бара жаткан атка минердин баласына эч нерсе болгон жок. Сот каза болгон айдоочу ага жол берер-бербесине так ынанышы керек болчу деп койгон. 

— Бул, албетте, күтүүсүз кырсык. Бирок силер, куткаруучулар, дайыма өмүрүңөрдү тобокелге салып жүрөсүңөр да. Жаракат алуу тургай, өлүм деле силер үчүн боло жүрчү нерсе да…

— Жок. Андай эмес. Жакында эле бир чакырууга бардык. Көчөдөгү коомдук туалеттен кичинекей баланын кыйкырганы угулуп жатыптыр. Келсек, бала туалеттин тешигине түшүп кетиптир. Тирүү экен, кудай жалгап, тумчугуп калбаптыр. Алып чыксак, денесинин баары көгала. Энеси баладан кутулуш үчүн ушуну жасаган экен. Бала чөкпөй койгондо үстүнөн таш менен ургулаганын кийин мойнуна алды. Ошондо, элестетиңиз, чоң эле күчтүү кишилер боздоп ыйлаганбыз.

— Силердин психологго кезек көп болсо керек. Мындай жүк менен жашоону эч кимге каалабайсың…

— Бизде психолог жок. Каралган эмес. Ал эми бул ишке чыдай албай, башкача болуп кеткендер да бар. Бизде бир фельдшер кыз иштейт. Жол кырсыгы болуп, такыр талкаланып калган машинадан кичинекей баланы алып чыктык. Ал араң онтоп: "Эжеке, жардам бериңизчи… Эжеке. Катуу ооруп атат… Жардам берип койгулачы" деп жатты. Алган жаракаты болсо анын жанын аман калтыргыдай эмес. Фельдшер кыз бала көз жумганга чейин башынан сылап отурду. Ошондон кийин ал катуу өзгөрүп кетти.

— А сизди эмне өзгөрттү? Кайсы окуя?

— 2013-жылы 9-июлда Куткаруучулар күнүнө карата салтанаттуу иш-чаралар болмок. Эртеден бери салатанаттуу кечени алып барганга даярданып, үтүктөлгөн аппак көйнөк кийип, галстук тагынып, кычырап машинада кетип баратам. 

Көк-Жардын жанынан өтө бергенде жол кырсыгы болгонун көрдүм. ИИМ Академиясынын курсанттары менен болгон окуя жөнүндө окусаңар керек? Мен машиналар кагышкандан бир мүнөттөн кийин ошол жерде болдум. Балдар эмне кылар айласын тапай турушат, азыр эле досторунун өлгөнүн көрүп, ызы-чуу, ый. Үчөө кырсык болгон жерден көз жуумп, экөө кыз экен. Аларды четке алып чыгып жаткырып, кителдер менен жаап койдук. Бир баланын жаак сөөгү сынып кетиптир, көздөрү да бир нерсе болгон. Онтоп, ыйлап жатат. Ага биринчи жардам көрсөтүп, дем алуу каналдарын тазаладым. Тез жардам болсо жок, милиция жок. Анда райондук куткаруу кызматынын жетекчиси болчумун. Ал жакка чалып, ким экенимди айтып талап да кылдым, жалынып да көрдүм. Ошондон кийин гана келишти. Тиги баланы, калгандардын баарын салып кетишти. Мен болсо машинама отургандан кийин ыйлап кирдим. Барып концерт алып барышым керек, менин болсо эч алым калбай калган. Эптеп алып бардым. Кечинде баягы балага ооруканага бардым. Дарыгер үшкүрүнө: "Жашайт!" деди. Үйгө келип, уктай алсамчы – ошол баланын жүзү көз алдыман кетпейт. Эртең менен молдого барып, анан өзүмө келдим. 

— Күтүүсүз кабылган үчүн ошондой абалга келгендирсиз. Адатта кайда, эмнеге баратканыңарды билесиңер да. А мында баары кокус болгон турбайбы. Баса, силердин кызматка кайсы себептер менен баарынан көп чалышат? 

— Ар кандай. Бирөөнүн чатырына көгүчкөндөр уялап алышкан, бирөөнүкүндө болсо аарынын уюгу пайда болгон, дагы ит-мышыктар бир жерге тыгылып калат…

— Кыжырыңарга тийбейби? Силер адамдарды куткарып жатсаңар, кайдагы бир ит-мышык…

— Көп учурда картаң адамдар чалып, ыйлуу үндөрү менен жаныбарын куткарып калууну сурашат. Биз көңүл бурбай койдук дейли. Бирок ал кемпирдин же абышканын мышыгынан башка эч кимиси калбаган болсочу? Балким ошол кенедей күчүк анын жалгыз досудур? Анан ал бир жерге тыгылып калып өлгөнү жатса… Биз, куткаруучулар, өз досунан айрылуу деген эмне экенин жакшы билебиз. 

— Андайлар болгонбу?

— Албетте. Акыркысы үч жыл мурун болгон. Биздин суу куткаруучулар Чоң Чүй каналынан кишинин сөөгүн издеп жаткан. Алардын бирин суунун шары алып кетти. Сактык троссу үзүлүп кеткен экен. Эртең менен эки сөөктү издегенге туура келди. Таап чыктык.

— Өкүнүчтүү. Айтып отурсаңыз, окуялардын баары көңүл ооруткудай. Күлкүлүү же бөтөнчө нерселер болду беле?

— Күлкүлүү… Бул тегеректе карап тургандарга күлкүлүү, бизди чакыргандар үчүн кайдан… Бир жолу төрт жашар кызды алып келишти. Ээги мискейдин кулагына кирип чыкпай калган экен. Кебетеси күлкү келерлик, ата-энесинин болсо аябай үрөйү учкан. Кызды чыгарып бердик. 

Же дагы бир окуя, жаш жигит өзүн өзү өлтүрөйүн деп терезеден секирип, бирок жерге эмес, үйдүн эшигинин калканына түшүп калат. Буттары эле сынып, аман калыптыр. Аны тиги жактан алып түшүш керек да. Күн болсо чакчайып ысып турат. Эми эле өлөйүн деген тиги жигит ысып кеткенин айтып, тез алып түшкүлө деп кызча ыйлайт. 

— Сиз өз тандаган кесибиңиз үчүн өкүнгөн күнүңүз болгонбу? Баарын таштап салгыңыз келди беле?

— Андай ой бир эле жолу келген. Биз тоодо үч жума жүрдүк. Жоголуп кеткен россиялык туристтерди издегенбиз. Суук, жеген консервалар жүрөккө тийип бүткөн, чарчаганыбыз канча. Ошондо эмне үчүн башкалар жылуу үйдө жакындары менен бейкапар отурса, биз бул жерде жүрөбүз деген суроо туулган. 

Туристтерди таптык. Бирөө бутун сындырып алыптыр. Кайра кайтып келе алышпай, өсүмдүктөрдүн тамырлары менен азыктанышыптыр. Бизди ушундай көздөрү менен карашты дейсиз! Ошондон кийин мындай ой эч болгон жок. Мен өз ордумдамын. Адамдарды куткарам.

Белгилер:
окуя, каармандык, 166 куткаруу кызматы, кесип, кырсык
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ