Нарымбаевдин иши боюнча судья Турганбеков күбө катары суракка алынат

Жазылуу
Коркмазовдун айтымында, Нарымбаев буга чейин эле сотто Түлеевдин ишин оң жагына ооштуруу үчүн 50 миң доллар акча алган. Сотко Турганбеков төрагалык кылмак.

БИШКЕК, 23-июль — Sputnik. Жогорку соттун төрагасынын орун басары Канатбек Турганбеков Башкы прокуратура тарабынан күбө катары сурала турганын мекеменин маалымат жана коомчулук менен байланыш прокурору Нурлан Тагаев билдирди.

Шаршемби күнү камакка алынган депутат Хаджмурат Коркмазов Башкы прокуратурада беттештирүү учурунда соттолгон Нариман Түлеевдин жакындарынан Данияр Нарымбаевдин айтуусу менен акча талап кылганын билдирди. Анын айтымында, процесске Турганбеков төрагалык кылмак.

"Турганбек сөзсүз түрдө коррупция боюнча иштин алкагында сурак берет. Эгер кармалган жаран менен күбөнүн айткандарында карама-каршылык болсо, беттештирүү жүргүзүлөт. Муктаждык жаралса, сурактан кийин Соттор кеңешине сунуш беребиз, алардын уруксаты менен Турганбековду кылмыш жоопкерчилигине тартууга болот", — деди Тагаев.

Акаев: президент коррупция менен күрөшүүдө эч кимди аябайм деди
Ал Жогорку соттун судьялары кол тийбестик макамына ээ экендигин кошумчалады.

15-июль күнү УКМК парламент депутаты Хаджимурат Коркмазов 100 миң доллар өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалганын билдирген. Башкы прокуратура маалымдагандай, беттештирүү учурунда Коркмазов Нарымбаевдин жүзүн ачкан көрсөтмө берген. Анын айтымында, депутат Нарымбаев менен Түлеевдин жакындарынын ортосунда ортомчулук милдетти аткарган. Нарымбаев президенттин аппаратын жетектеп турганда сотто Түлеевдин ишин оң жагына ооштуруу үчүн 50 миң доллар акча алган. Коркмазовдун билдирүүсүндө, сотко Турганбеков төрагалык кылмак.

Жаңылыктар түрмөгү
0